Ырчы Димаш Кудайбергеновдун сүрөтү учакка тартылды…

Казакстандын белгилүү жаш ырчысы Димаш Кудайберген 8-декабрда Кытайда өтө турган “Аалам сулуусу – 2018”сынагына ырдаганы барат.

Кытайга уча турган учакка Димаш Кудайбергендин сүрөтү тартылган. Бул сүрөттү Димаш өзүнүн жеке баракчасына коюп, абдан бактылуу жана кубанычта экенин кабарлаган.

Анын дүйнө жүзүндөгү күйөрмандары ар бир сүрөтүнө пикирлерин жазып турат.

Эскерте кетсек, Димаштын Инстаграм баракчасындагы катталуучулардын саны эки миллионго жакын.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу