Ырчы Дайыр Исмадияров жубайы менен ажырашып кеткенин тастыктады

Ырчы Дайыр Исмадияров жубайы менен ажырашып кеткенин ачыктады. Бул тууралуу ал алгач интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, андан соң тастыктады.

«Ар бир инсан турмуш куруу алдында бактылуу болсом экен деп тиленет, бирок жашоо биз ойлогондой болбойт экен. Буга эч кимдин күнөөсү жок, болгону жубайым экөөбүз келише албадык. Экөөбүз тең бактылуу бололу деп эки башка жолго түшүүнү туура көрдүк. Бирок балама колдон келген жардамымды аябастан каралашып турам», — дейт ырчы.

Белгилей кетсек, Дайыр Исмадияров өткөн жылдын 25-сентябрында Жанара аттуу бийкеч менен баш кошуп, ушул жылдын 5-сентябрында ата статусуна ээ болгон.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу