Ырчы Гүлнур Сатылганова Кайрат Кыргызга нааразы экенин жазып чыкты.

Азыркы  интернет булагында  кызуу талкууга алынып жаткан  Кайрат Кыргыз жана анын  продюсери Эркин  Мээркановдун ортосундагы  чуусу калың  элди  кызыктырууда.   Жакынкы күндөрдө эле Эркин Мээрканов «Супер Инфо» гезитине маек берип, Кайрат Кыргызга болгон нааразычылыгын айткан. Ал эми,   белгилүү ырчы Гүлнур Сатылганова да продюсер Эркин Мээркановдун сөзүн колдоп, инстаграм баракчасына Кайрат Кыргызга болгон  көз карашын жазып чыкты.

Анда, «Кайрат Салмакеев буга чейин ырдап эле жүргөн, бирок бир ырды да элге жеткире алган жок, эч ким тааныбачу. Албетте Эркин Мээрканов болбосо чыкмак эмес, дагы эле жүрмок да чыкса чыкпайт беле жашы деле бизден бир аз эле кичүү, мына бир жылга жетпей жаманбы жакшыбы Кайрат Кыргыз деген ат популярдуу болду, Эркиндин мыкты чыгармасы менен деңгээли бир топ көтөрүлдү эле, денгели төмөн адамга айла жок экен да, орустар айтмакчы » Сколько волка не корми, всё равно смотрит в лес «- болуптур да, бул кылганы туура эмес, Эркин өзү абдан ак көңүл, адамгерчиликтүү, өтө таланттуу бала, «Инсан» тобун түзүп 30 жылдан бери жетектеп келет, мен өзүм 20 жылдан бери иштешип жүрөм абдан жакшы билем, менин репертуарымдагы көп соонун ырлардын автору ( Апакем, Санат ыры,Керемет дүйнө, Ал сүйүүнүн келгени. Ашыктык ыры, Күн достор, Жалындат, Тууган жер, деген ырлардын автору) Ушул Кайрат Кыргызды чыгарам деп болгон акчасынын баарын жумшаганын да билем, «Жаштык кез» деген ырын Эркин -«дуэт ырдап койчу»- деп суранганынан досумду колдоп ырдадым эле, себеби ыр да сонун ыр. Сотко берип жатса демек Кайрат ошончолукка жеткирген, Кайрат Эркиндин эмгегин төлөп бериши керек. Же кутурбай беш жыл иштеш керек болчу, чыгармачылыгын андан да өстүрсө болмок, бирок, уяты, тартиби, жоопкерчилиги, адамгерчилиги жок болгон үчүн ушинтип жатат да, андан эми эмнени күтүүгө болот.. Калп сүйлөгөн адамдан түңүлүш керек. Соонун, түбөлүктүү ырларды, чыгармаларды жаратып элге тартуулап, ак эмгеги менен жашап жаткан ТАЛАНТТАРДЫН көңүлүн оорутуп капа кылган адамдарды Кудайым өзү жазалайт!»
Эркин сен таланттуусуң, сени дайым колдойм жана сени алдыда чоң ийгиликтер күтүп турган болсун! -деп билдирди.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу