Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова кечиккени аз келгенсип, жүргүнчүлөрдү ачка кармап отурган «TEZ Jet» авиакомпаниясына нааразы болууда. Ырчынын айтымында, аталган компаниянын бүгүн, 27-август күнү Бишкектен Ошко уча турган учагы өз убактысынан 2 саатка кечигип учту.
«Саат 8де Бишкектен Жалал-Абад шаарына «TEZ Jet» авиакомпаниясынын учагы менен учмакпыз. Бирок белгисиз себептен Оштогу аэропортко которуп коюшкан. Анысы аз келгенсип 2 саатка кечиктик. «Манас» аэропортунун имаратынын 3-кабатында компаниянын өкүлү отурат экен. Ал жарытып себебин түшүндүргөн жок. Жүргүнчүлөрдүн арасында балалуулар жана чет элдик туристтер да бар болчу. Жок дегенде балалууларга тамак-аш берип коюшкан жок. Чет өлкөдө учуу убактысынан 10-15 мүнөт өтүп кетсе, жүргүнчүлөрдөн алдын ала кечирим сурап, эскертип коюшат. «TEZ Jet» авиакомпаниясы бул жагынан кайдыгер мамиле жасады», — ырчы Рыскулова.
«TEZ Jet» авиакомпаниясы жогорудагы абал боюнча азырынча түшүндүрмө бере элек.
БУЛАК: super.kg