ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ: «Чыгармачылыкка берилип, жеке жашоомду унутуп калдым»

Ырчы Гүлжигит Сатыбеков өзү жазган ырларын жүрөккө жеткире аткарганы менен элдин сүймөнчүгүнө ээ болуп келет. Акыркы кезде теле, радиолордон көрүнбөй кеткен ырчы убактысынын көбүн гастролго арнап жаткан экен.

– Гүлжигит мырза, сизди оңой менен таппайбыз, чет өлкөлөргө көп кетесиз, чакыруу көп го?

– Мага Орусиядан чакыруулар абдан көп болот. “Чакырган жерден калба” деп калбай барып жүрөм. Ал жакта элчиликтегилер менен сүйлөшүп концерттерди уюштурабыз. Учурунда бир үйдө 25-30 адам жаткан күндөрүбүз болгон. Азыр жакшы өзгөрүүлөр бар, чакыргандар жатаканабызды даярдап коюшат. Өткөн жайда Орусиянын отуздай шаарын түрө кыдырып концерт коюп келдик. Абдан жакшы тосуп алып, жакшы узатышты, бирок “жол азабы — көр азабы” го, кыйналган учурлар да болду.

– Чыгармачылыгыңызда кандай өзгөрүү бар?

– Жакында Ош, Жалал-Абад шаарларында концерт берем. Ошого студент кезде жазган ырларымды жыйнап «Студенттик баракчам» деп аталган альбомумду даярдап жатам. Көп жылдан бери сандыкта эле жаткан, эми убакыт-саат келип ал ырлардын да багын ачып коёюн деп чечтим.

– Сиз өзүңүз жазган ырларды ырдайсыз, башка авторлордун ырларын ырдайын деген оюңуз жокпу?

– Ооба, ырларымдын баары өз калемиме таандык. Обонун да өзүм жазам. Азыр менден ыр сурагандар абдан көп. Мүмкүнчүлүк болгондо аларга да жазып берип турам. Башка авторлордун ырларын ырдоо азырынча оюмда жок.

– Сизди “радиолордон ырларын алдырат экен” деп угуп калдык, буга эмне түрткү болуп атат?

– Радиолордун баарынан эмес, бир эле радиодон ырларымды алдырсам дегем. Аталган радиого ырларымды көп эле алып барам. Алар «биздин форматка туура келбейт» деген шылтоо менен эфирден кетиришпейт. Форматы кандай деп таң калам. Анан ырларымды эфирден бербегенден кийин алып коёюн дегем. Ал радиого экинчи бербейм. Өзүмдүн сайтым ачылган, буюрса, иштей баштады. Күйөрмандарым ырларымдын баарын ошол сайттан уга алышат.

– Теледен деле көп көрүнбөйсүз го?

– Теледен көрүнбөгөнүм менен эл арасында эле жүрөм. Тойлор, концерттер үзгүлтүксүз, гастролго да көп чыгам. Социалдык баракчалар аркылуу күйөрмандарымдан жер-жерлерге чакыруулар көп болот. Ошолордун суранычы менен такай гастролдук турда жүрөм. Ар күнү ар жерде элдин батасын алып гастролдо жүрүү мага жагат.

– «Лейлектик кызга» ырыңыз чыккандан кийин “түштүктө тойго көп чакырылган жана баасы эң жогору ырчы” деп угуп калдык эле, азыр деле ошол табыңыздасызбы?

– Ставка деп бир сумма айтылганы менен дос-туугандарга арзандатуу болот. Чакырган жердин баарына барып ырдайм, ар ким көңүлүнөн чыкканын берет, ыраазы болуп эле кетем. Бирок чакыруулар көп болгону менен мен көп учурда гастролдо жүрүп тойлорго анчалык бара албай калам.

– Жашыңыз бир топко барып калды, үй-бүлө куруу тууралуу ойлор барбы?

– Бардык нерсе убагы келгенде болот экен, демек, убагы келе элек. Мен азыр чыгармачылык деп гана жүрөм. Кыз жандаш үчүн убакыт керек. Чыгармачылыкка өтө берилип, жеке жашоомду унутуп да калдым окшойт. Күнү-түнү чыгарма жазуу менен алекмин. Негизи чыгармачыл адам каалаганда ыр жазып, каалаганда басып эркин болушу керек.

– Кыздар социалдык тармактардан көп кат жазышса керек?

– Ооба, социалдык тармактардан кат жазган кыздар менен таанышып, сүйлөшүп калам. Бирок күйөрман катары эле кабыл алып, өздөрүнө кызыгып карап көргөн эмесмин.

– Эл арасында “апасы “мурунку эле келинимди алып кел” деп айтат экен” деген сөздөр бар го?

– Бул сөздү биринчи жолу угуп атам. Эл арасында туура да, туура эмес да сөздөр айтылат экен. Өткөн нерсеге кайрыла бериштин кажети жок го дейм.

– Азыр уулуңуз менен катышып атасызбы?

– Ооба, уулум менен катышам. Кечээ эле айылга барып көрүп келдим. Экөөбүз күн сайын WhatsAppтан сүйлөшүп турабыз, аябай жакынбыз. Анча-мынча көзөмөлдөп да турам. Сабактан алган бааларын сүрөткө тартып WhatsApp аркылуу көрсөтүп турат. Уулум жеке менчик мектепте окуйт, окуусунун акысын төлөп, кийим-кечегине да жардам берем.

– Азыр ырчылардын көпчүлүгү Инстаграм баракчасын пайдаланганды жакшы өздөштүрүп калышты, сиздин окурмандарыңыз эмнегедир аз экен…

– Чынында Инстаграм баракчасына кызыгуум жок эле, анан «эмнеге жоксуз, күйөрмандарыңыз үчүн кирип койбойсузбу?» деген суроолордон улам мен да ачып койдум. Ал жакка киргенден кийин күйөрмандарга «дүкөнгө кетип атам», «тамак ичип атам» деп тынбай отчёт берип туруш керек экен. Мен андай нерселерди жактырбайм. Өнөр адамдары сырдуу болушу керек деп билем.

– Той, концертте эле жүрөсүз, тапкан акчаңызды эмнеге жумшайсыз?

– Чыгармачылыктан тапкан акчаны чыгармачылыкка эле жумшаса өсүү болот. Мен чыгармачылыгыма жумшайм. Анча-мынча жардам сурагандарга жардам берип калам. Өзүм байлыкка анчалык кызыга бербейм, курсагым ток, кийимим бүтүн болсо, ошого Кудайга шүгүр деп жашайм. Быйыл үй курсамбы деп ниет кылып атам, батирлеп жүрүп тажадым.

– Өзүңүздү жашыңыз келгенде кайдан элестетесиз?

– Баарын убакыт көрсөтөт го, мен дене тарбия мугалимимин, андан кийин юридикалык, музыкалык да билим алгам. Азыр чыгармачылык менен жан үрөп иштеп жаткандыктан бул нерсени ойлоно элекмин. Бош убактымда китеп окуйм.

– Азыр китеп окугандар аз го, сиз канча убакытта бир окуйсуз?

– Күн сайын десем болот. Китеп окуган мага абдан жагат. Жашоо, тарых тууралуу китептерди окучумун, азыр дин тууралуу китептерди көп окуп калган учурум.

– Спорт менен мамилеңиз кандай?

– Машыгуу залдарына барып, көнүгүүлөрдү жасап турам. Спортко жакынмын десем болот. Сергек жүрүүнү жактырам. Спорт менен жеңил жүрүүгө болот.

– Сизди тасмалардан көрбөйбүз го, бул чөйрөгө аралашуу оюңузда барбы?

– Акыркы учурларда кино жаатында ойлонуп, анан түшкөнгө жараша сапаттуу тасмага тартылайын дегем. Ойлогонумдай, учурда бир эл аралык тасмага тартылуу боюнча сунуш түшүп, азыркы кезде сүйлөшүүлөр болуп атат.

 Ledy.kg

Динара ЧОКОЕВА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу