Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков бүгүн, 22-июлда кыздуу болду. Ырчы жубайы Айпери экөө буга чейин бир уулду тарбиялап келишкен.

Гүлжигиттин жубайы борбор калаадагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Эне баланын абалы жакшы экенин кыздуу болуп сүйүнүп турган ырчы өзү маалымдады.

Эскерте кетсек, Гүлжигит Калыков жубайы Айпери экөө 2016-жылы 8-июлда баш кошкон.2012-жылы «Евразия жылдызы» музыкалык сынагынын жеңүүчүчүсү болуп табылган. 2017-жылы КРдин Эмгек сиңирген артисти наамын алган.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу