Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын кызы, Айзуура Иманалиева: «Апамдын дени сак туруп кете бергени түйшөлтөт…»

Кече 1-ноябрда белгилүү кыргызымдын кызы жана фольклор ырчысы өмүрүнүн акыркы жылдарында «Сармердендин» шайыр жеңесин аткарган Гүлбүбү Ороскул кызы быйыл көзү тирүү болгондо 42 жашка чыкмак.

Маркумдун кызы Айзуура Иманалиева төмөнкүдөй эскерүүсүн жазды.

1-ноябрь. Кубанычтуу күн эле. Эскерүү гана күнгө айланаары ойго да келген эмес. 42 жаш курагыңызды шаң менен, кучак толо гүл менен тоссоңуз эмне эле. «Курандан башка айла жок», деп отуруп калдык. Эң башкысы чын дүйнөдө, адамдардын дили таза дүйнөдө, бейиштин багын аралап жүрөсүз деген ой менен өзүмдү алаксытам. Ошого ишенем. Өкүнүчтүүсү-жаш эле, бетинде бир бырышы жок болчу, кыла турган иштери көп болчу, дени сак туруп кете бергени түйшөлтөт….

Гүлбүбү Ороскул кызы элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырлары «Асылым», «Арзуу», «Жанарым» деген ырлары ар дайым элдин эсинде калат.

Гүлбүбү Ороскул кызынын аркасында эки кызы калды.

Белгилей кетсек, ырчы 6-октябрь күнү оорудан улам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу