Ырчы Бегимай Карабаева жолдошу менен ажыраша тургандыгын айтты…

Ырчы Бегимай Карабаева массалык маалымат каражаттарынын бирине ушул жылдын аягында  жолдошу менен  расмий түрдө ажырашаарын, жүрөгүнүн ээси бар экенин кабарлаган. 

Ырчы айым  жолдошу менен 2010-жылы баш кошуп, төрт жылдан кийин 2014-жылы эки ажырым жолго түшкөнү маалым. Бирок,мыйзамдуу түрдө жыл жаңырганга  жакын ажыраша турганын ырчы Бегимай  кабарлады. Анда, «Жолдошум менен эки башка жолго түшкөнүбүзгө билинбей 4 жарым жыл болуп калса дагы мыйзамдуу түрдө ажыраша элек болчубуз. Себеби, ортобузда чырактай болгон 2 кызыбыз бар, кайра жарашып, жашап калабыз деген ойдо элем. Бирок, ал оюм ишке ашкан жок. Ошол себептен ортобуздагы байланышты биротоло үзүп, жаңы жашоо баштайын деп чечтим. Учурда көңүлүмө жаккан адам бар. Мамилебиз олуттуу. Чыгармачылыктан алыс адам. Жеке ишкерлик менен алектенет. Ал дагы мен сыяктуу бир ирет турмуштан жаңылган. Азырынча башка нерселерди айтпай турайын. Балким, жакын арада сиздерге жагымдуу жаңылык менен бөлүшүп калаттырмын»-деп билдирет ырчы Бегимай Карабаева.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу