Ырчы Бегимай Бекбоева менен сүйүктүүсү таарыныша кетип, октябрда боло турган үлпөт тойду жылдырышты

Жакында эле ырчы Бегимай Бекбоеванын жаңыдан чыгармачылык чөйрөгө аралашып баштаган сүйүктүүсү Эрлан Муратжанов менен таарыныша кеткендиги тууралуу кептер коомчулук ичинде айтылып, ал гана эмес экөө тең социалдык тармактагы баракчаларынан бири-биринин сүрөттөрүн өчүрүп салышканына күбө болгонбуз. Маалыматтын чын-төгүнүн бышыктоо максатында Бекбоева менен байланышсак, жигити менен кол үзгөнү чын экенин тастыктады.

«Кыз-жигиттин ортосунда ар кандай сыноо болот. Ошол сыноону жеңе алышса, демек, үй-бүлө курушат. Жеңилишсе эки башка жолду тандашат. Биздин ортобузда да түшүнбөстүктөр болуп кетти, мамилебизди үздүк. Бирок гастролдук турнелерибиз алдын ала келишим түрүндө түзүлгөндүктөн дос катары жылуу мамилебизди сактап, чыгармачылыкта чогуу иш алып баруудабыз. Эрлан жакында эле экөөбүздүн мамилебиз эмнеден улам бузулганынын себебин түшүндүрүп, менден кечирим сурап, кайрадан бир болууну суранды. Мен ойлонуп көрөйүн дедим, бирок адамга бир таарынсам аягына чейин таарынган мүнөзүм бар болгондуктан жибий албай жатам. Үйлөнүү тоюбуз октябрда болмок, жылдырууга туура келди. Мындан ары чогуу болобузбу же жокпу — ал бир гана Кудайдын буйругу менен болот», — деди ырчы.

Эске салсак, ушул жылдын февраль айында, тагыраагы Бегимай Бекбоеванын туулган күнүндө ырчыга сүйүктүүсү кыргыздын салты менен сөйкө салып, үйлөнүү тойдун күзүндө болорун айткан.

 Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу