Ырчы Асема кош бойлуу экенин сүйүнчүлөдү…

Кино жана театр актрисасы, ырчы Асема Токтобекова күйөрмандарына дайыма кызыктуу постторду бөлүшүп келет. Бул ирет өзүнүн күйөрмандарына кош бойлуу экенин сүйүнчүлөдү.

“Сиздер билесиздерби, кош бойлуу аялдын ичине колун тийгизүү кандай болорун. Бул ааламга кол тийгизгендей нерсе. Болочоктогу кичинекей дүйнөгө кол тийгизгендей нерсе. Бул керемет! Муну эч нерсе менен салыштырып болбойт”,-деп жакшы сезимдерин айтты актриса.

Жакында Асема Токтобекованын Бишкектеги сулуулук салонунда өрт кырсыгы катталган. Буга көңүл бөлбөй, кайгырбай үй-бүлөсү менен аман-эсен болушун каалаган күйөрмандары көп болду.

Эскерте кетсек, Кинематографисттер союзунун мүчөсү Асема Токтобекова 1986-жылы 25-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы «Боз салкын» тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн «Восток-Запад» эл аралык кинофестивалында «Эң назик образ» байгесине ээ болгон.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу