Ырчы Асел Кадырбекова кызынын сүрөтү үчүн кимден жеме укту…?

27-мартта кыздуу болушкан ырчылар Асель Кадырбекова менен жолдошу Нурлан Насип инстаграм баракчасына жаңы төрөлгөн наристесинин сүрөтүн чыгарып элдин сынына кабылышты.

Ырчы Асель Кадырбекова бир ай толо элек кызын кучактап түшкөн сүрөтүн интернет баракчасына жүктөөрү менен элдин талкуусунда калды. Көпчүлүк ырчынын күйөрмандары, “Кызыңа көз тийет” деген сөздөрдү жазып, жаш эне бир сыйра жемеге кабылды жана ошол эле учурда кичинекей наристеге каалоо-тилектерин жаадырышты.

Ал эми Асель айымдын жолдошу ырчы Нурлан Насип ”Өзүңсүң бактым” аттуу жаңы ырды жарыялады. Бул ыр жубайы Асель Кадырбековага арналганын жар салды.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу