Ырчы Анжелика Илим Карыпбеков тууралуу айтып чыкты. Анда…

Ырчы Анжелика Кайратова КТРКнын мурдагы башкы директору Илим Карыпбековго ыраазычылыгын билдирип, көрсөткөн колдоосу үчүн ырахматын айтты.

“Жакшы сөз -жарым ырыс! Сизди мен мыкты жетекчи, уюштуруучу, орду менен эскертүү айтып, эң жоопкерчиликтүү жана жашоону чыныгы сүйүп, барктаган инсан катары билем. Ырахмат, Илим Карыпбеков!

Өлүм менен жашоонун ортосунда болгонуңузда сиз жетектеп кеткен КТРК жамааты, жакшылыгыңызды көргөн инсандар ыйлаганы азыр да көз алдымда. «Канча сөз, бут тосуулар болбосун, сен өзүңдү- өзүң эч качан жебе! Бара жаткан жолундан токтобо!»-деп айткансыз. «Бактылуу Айым» долбоорунун башталышында ишеним көрсөткөн үчүн, мен колуман келсе да, келбесе да, тыпырап иштедим.

Бүгүн дагы бир каарманга бактылуу көз ирмем тартуулоо учун чыгып бара жатып, сиздин дагы бир сөзүңүздү эстедим. “Эл эмгекти баалайт, ким эмне десе да башыңды бийик көтөрүп иште. Эч кимди укпа. Ушактарга жылмайып кой”,- деп кабинетинизден жамааттын көзүнчө айтканыңызды. Бул сөздөр мага акыркы эки жылда мага чоң жардам берди. Айтор, жетекчи катары сизден көп үлгүлөрдү алдым. Сизден дагы көптөгөн жакшы эл үчүн жасаган иштеринизди күтөбүз!”,-деп жылуу пикирин билдирди ырчы айым.

Эскерте кетсек, ырчы Анжелика КТРК каналындагы «Бактылуу Айым» долбоорун мыкты деңгээлде уюштуруп келген.

БУЛАК:  zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу