Ырчы Анжелика жол кырсыгынан аман калды.

Кече, 27-апрелде ырчы, алпаруучу жана актриса Анжелика Бекболиева Бишкек-Ош жолунда бир кырсыктан аман калды. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы жеке баракчасына «Кудай сактады. Жол кырсыгынан эч ким алдын ала сактана албайт экен», деген билдирүү калтырган. Сырдуу билдирүүсү тууралуу Анжелика айым SUPER.KG порталына маалымат берди.  «Ош шаарынан борбор калаага келе жатып айдоочунун уйкусу келип, көзү жумулуп кетти. Кудай сактап, бир кырсыктан аман калдык. Бул окуядан кийин айдоочу экөөбүз унааны алмашып айдап, Бишкекке жетип алдык. Айдоочулар жөндөп деле эс алышпайт. Ошондон улам узак жолго чыкканда көздөрү жумулуп кетет. Ушул нерсени тиешелүү тарап карап, бир чечим кылса жакшы болмок», — дейт ал.

БУЛАК:super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу