Ырчы Анжеликанын жашоосуна кийлигишип эмне табабыз?

Азыркы коомубуз бирөөнүн жашоосун гана  аңдып,  сөз кылып калгандай өңдөнөт. Бирок,  мындай кылыгыбыздан бир майнап чыгабы деген суроо жаралат. Алсак,  белгилүү ырчы Анжеликанын артынан  чын экени же жалган экендиги белгисиз болгон  такталбаган ушактар тынымсыз ээрчип келет. Кыргыздын макалдары да бекеринен айтылып, эл оозунда сакталбайт тура. «Эл оозунда элек жок» деген макалга таянып, Массалык маалымат каражаттарында жазылган ушактарга да ишенбей кетесиң. Макул, ишендик да дейли, бизге кандай пайда да, кандай оордугу бар? Ар кимдин жашоосу өз колунда, өз жолунда дегендей. Балким мындай ушактардын чыгуусунун артында, атактуулуктун орду чоңдур… Пайдасыз, далилсиз маалыматтын артынан ушак куубай, ырчы айымдын да оң сапаттарын тааный билели.

БУЛАК: ARGUMENT.KG

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу