Ырчы Амир Аскаров Дайыр Исмадияров менен Кайрат Кыргыздан кечирим сурады.

Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: «Бүгүн мен жашоодо кетирген каталарымды эстеп, туура эмес кадамдарды кылгандыгымды түшүндүм. Буга чейин Дайыр Исмадияров менен Кайрат Кыргыздын чыгармачылыгын түшүнбөй ссын айткандыгым үчүн эл алдында кечирим сурайм! «Жакшылыктын эрте-кечи жок» дегендей, учурдан пайдаланып, буга чейин дагы бирөөнүн көңүлүн оорутуп, таарынтып алсам кечирим сурайм. Мен адашып көп нерсени өзүмдүн ЭГОлук сезимиме таянып сүйлөп алыптырмын. Эң негизгиси, таза сезим менен таза көңүл керек экенине кечирээк болсо да түшүндүм. Дагы бир жолу баарыңыздардан кечирим сурайм!» — деп жазып чыкты.

БУЛАК: gezit.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу