Ырчы Алмаз Шаадаев ыр түрүндө президент Сооронбай Жээнбековго Кайрылуу жолдоду

7-ноябрь Басма сөз күнүнө карата журналисттер Президентке кат куржун киргизебиз деп атышпайбы. Мен көрсө давно эле ыр түрүндө кат жазып койгон экенмин. Аны өзүм да билбейм. Бүгүн угуп отуруп ынандым. Урматтуу Досалы Эсеналиев, Толгонай Стамалиева, Жанар Акаев, Төрөбай Закир уулу. Сиздер мүмкүнчүлүк болгондо мамлекет башчысына ушул ырды бир угузуп коюңуздарчы. Бул элдин үнү. Мурунку президентти тегерегиндегилер «баары жакшы, шеф» деп жүрүп кууратышкан деген сөздөр айтылып калчу эле. Ошол нерсе кайталанбаса экен деген эле ой. Аман турсак, жер тоголок, президентке кокустан жолугуп калсам ушул постту көрсөтүп сурайм, ушулар Сизге бир ооз айтты беле деп.

Самолетто же волейбол ойноп атканда же кайын журтка барганда жолугуп калышым мүмкүн. Ошондо дагы бир пост жазсам кызарып калбаңыздар. Ушундай болбогон нерсени деле президентке көрсөтө беребизби деген ой болбосун. Карапайым калктын президентке болгон каты деп кабыл алыңыздар. Эгер президент ушул ырды укканы боюнча билдирип, айрым козголгон маселелерди оңдоо боюнча аракет болоорун айтса, анда Сиздер чыныгы увазир, чыныгы президентке жакшылык каалаган акылман кеңешчи болосуздар.  Бул жерде кайсы маселени президент чече алат:

1. Сотторду адилет иштөө боюнча бир реформа. Жеңил кылмыштардын жазасын адамды эркинен ажыратуу менен эмес административдик жумуштар, акчалай айып түрүнө алып келип, туура эмес чечим чыгарган сотторду жоопкерчиликке тартуу жагын жолго салса болот.

2. Парламентке болгон элдин мамилеси ырда чагылдырылган. Эмки парламенттик шайлоого атайын акчасы жок патриоттордон куралган партия түзүүгө көмөк көрсөтүү. Бул партияны президент өзү колдоп, коомдук активисттер, жергиликтүү мекенчилдер, күчтүү адистерден куралган бей-бечаралар партиясы катары алып чыкса көпчүлүк акча албай колдоп бермек. Ал партиянын тизмесин да коомчулук аныктаса президент тарыхта калмак.

3. Декларациялар жөн гана кагаз болуп калбай, ар бир чиновниктин байлыктарын изилдеп, жеп-ичкендерди камап, байлыктарын мамлекетке кайтаруу менен тышкы карыздан кутулуу. Баарыбыз билебиз, 1 Лексус алуу үчүн мамлекеттик кызматкерлер ичпей жебей 30 жыл иштеш керек. Ушул жактан эле түшүнсө болот кимдер жеп ичип атканын.

Кудрет Тайчабаров, журналист

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу