Ырчы Алмаз Шаадаев кимдин ырын уурдап, өзүн атактуу сезип жатат?

Ырчы Алмаз Шаадаевди «Фаридам» аттуу ыры менен кыргыз элине белгилүү болгонун билебиз. «Дал ушул «Фаридам» ырын кандайча ырдап калдың эле, тарыхына кайрылсаң»- деген суроо менен «Салам Кыргызстан» долбоорунун алып баруучулары кайрылган. Көрсө, Назира Жетигенованын шакирти Азамат Шералиев «Фаридам» аттуу ырды ырдоого камданып, бул туурасында Алмаз мырзага айткан. Бирок «Фаридам» ырын Азаматтан мурда, Алмаз Шаадаев өзүнүн эпчилдиги менен ырдап чыгып, досу Азаматты таң калтырган.

«Салам Кыргызстан» көрсөтүүсүндө Алмаз Шаадаев ырчы Азаматтан кечирим сурап, ага бир ыр жаздырып бергенин да айтып өттү. Албетте, Алмаз мырзанын мындай  кылыгы туура эмес экенин интернет колдонуучулары да кызуу талкууга алууда.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу