Ырчы Алмаз Шаадаев: «Жергиликтүү телеканалдын кабарчысы мен аркылуу өзүн пиар кылып жатат деп түшүндүм»

Социалдык тармакта ырчы Алмаз Шаадаев жергиликтүү телеканалдардын бирине эфирге барбай койгону тууралуу даярдалган видео кызуу талкуу жаратууда. Видеодо ырчы телеканалдын түз эфирлерине бир нече ирет конок катары чакырылганы айтылат. Бирок Алмаз Шаадаевдин алардын эфирине барбай, алтургай «бара албайм» деп эскертүү дагы берген эмес. «Бул кылганы туура эмес» деген кабар даярдалган. Ошондой эле видеодо ырчы телеканалдын кабарчысына жаман сөздөрдү айткан аудиосу да жарыяланган. Бул тууралуу ырчыга байланышка чыкканыбызда, ал буларга токтолду.

«Мени каралап жаткан телеканалга теңелип, алардын деңгээлине түшкүм келбейт. Бирок үн катпай койсом күнөө Алмаз Шаадаевде деп ойлоп калышат. Андыктан чырдын башы эмнеден башталганын айтууну туура көрдүм. Ошол телеканалдын кабарчысы мага чалып «эфирге келип бербейсизби, таңкы көнүгүүгө?» деп калды. Мен эртең мененкисин уктайм бара албайм, кечки болсо бармакмын десем «Алдын ала даярдайбыз, түз эфирге эмес» деди. Андай болсо анда байланышабыз деп так жообун берген эмесмин. Эртеси күнү мага чалган экен. Мен ал күнү маанилүү ишим менен жүрүп байланыша алган жокмун. Кечинде кабарчы дагы чалып «Сиз биздин «кара тизмеге» кирдиңиз. Мындан ары сиз менен иштешпейбиз. Мен эфирге чакырсам келбей койдуңуз» деди. Мен дагы ачуум келип «Жалгыз силер эмессиңер. Иштешпесе иштешпейбиз» деп койдум. Эртеси күнү кечки эфирге Данияр Эрматов менен мени чакырып калышты. Анан дароо эле кабарчынын өзү кылганын түшүнүп: «Мени «кара тизмеге кирдиң» деп жатпадың беле кечки эфирди көр, анан сүйлөшөбүз дедим. Ошондон кийин эле бизге каналдын кызматкерлери чалып, эфир болбой турганын билдирди».

Ырчы буга чейин ал канал менен тыгыз иштешип жүргөнүн белгиледи. Ал эми ырчыны каралап жаткан кабарчы өзүн пиар кылып жаткандыгын кошумчалады.

«Таңкы эфирге бара албайм дегеним үчүн бүтүндөй телеканалдын атынан жооп бергени кабарчынын сабатсыздыгын, кыска ойлуулугун түшүндүрөт. Буга чейин ал каналдын тажрыйбалуу, өз ишин билген кызматкерлери менен иштешип келгем. Бирок башкалар үчүн дагы бирөөнүн жооп бергени туура эмес. Мындай каралоо менен ал өзүн пиарлап жатат».

Ал эми «керек болсо ырчыларды силердин каналга баргыс кылып коём» деген сөзүнө таянып, шоу-бизнестин өкүлдөрүнөн комментарий алып жаткандыгы тууралуу ал мындай деди.

«Кабарчы мени «кара тизмеге» киргизип койдум дегенде жанымда Данияр Эрматов дагы бар болчу. Ошондо ачууланып керек болсо досторумду сенин таңкы эфириңе баргыс кылууга кудуретим жетет дегем. Даниярдын бетине эле айткам барбай эле кой, булар ушундай мамиле кылат турбайбы деп. Бул сөздү бурмалап алып «Алмаз Шаадаев ырчыларды баргыспай коём деди» деп бузук телефон болуп жатышат. Минтип мени каралайбыз деп ойлобой эле койсун», — деп кошумчалады.

«Кабарчы менин укугума шек келтирген видео жасаптыр. Мен маданияттын «м» тамгасын билбесем, министрлик мага төш белги таккыдай келесоо эмес да. Ал эми ырларымды жеңил деп баалаптыр. Ошондо Гүлжигит Сатыбековдун, Асылбек Өзүбековдун ырлары, менин «Жаркырасын Кыргызстан» деген дастаным жеңил-желпи болуп калабы? Кабарчы мени каралоо менен эч нерсе таппайт. Андан көрө көзгө көрүнүктүү, алкый турган иш жасасын», — дейт ал.

БУЛАК: СУПЕР.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу