Ырчы Акбар Сүйүнбаев «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисине ээ болду.

«Бүгүн таң эрте Маданият, маалымат жана туризм министрлигине чакырып «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин тапшырышты. Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Жаңы жыл алдындагы эң жагымдуу белек болду десем болот», — деп билдирди ырчы.

Ошондой эле, ырчы бул наамды алыш үчүн тиешелүү документтерди 2 жыл мурун тапшырып койгонун, бирок ушул жылы берилерин күтпөгөнүн кошумчалады.

Кыргыз эстрадасында өз орду бар ырчы Акбар Сүйүнбаев элге өзүнүн «Сезим», «Махабатым» аттуу ырлары менен белгилүү болгон. Сүйүнбаев өзүн ырчы гана эмес актёр катары да көрсөтө алган, ал «Достор», «Класссташтар» жана башка тасмаларда ролдорду жараткан.

Белгилей кетсек, Акбар Сүйүнбаев 1985-жылы 15-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Семиз-Бел айылында туулган. Аталган айылда 8-класска чейин окуп, андан соң Кочкор райондук №15-кесиптик лицейинде ветеринардык окуу жайын аяктаган. «Супер-Инфонун» версиясы боюнча «2006-жылдын супер дебюту» наамынын ээси болгон.

Автор: Айзада Тураркулова
Фото: Ырчынын өздүк баракчасынан алынды

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу