Ырчы Айпери Сыдыкова кимди сотко берет?

 Айпери Сыдыкова  Жасмин аттуу кызды сотко берерин кабарлады ММК булактарына.

Жасмин аттуу кыз Айпери Сыдыкованын “Жашоо керемет”, “Таарынба тагдырыңа” ж.б ырларын ырчы айымдын  уруксатты жок, Айпери Сыдыкованын үнү менен көптөгөн иш-чараларда фонограмма  иретинде ырдап  жүргөн.

Ырчы Айпери, «Тааныштарым «Жасмин аттуу кыз сенин ырларыңды кайрымдуулук концертерде ырдап жүрөт»- деп мага видеосун жана ал жөнүндө кыскача маалымат жиберишти. Жасмин менен байланышсам, «бир эле жолу ырдагам»- деп тоготкон жок. Менде бир нече далилдер бар экенин айтсам, бир аз башкача сүйлөп, «жибитип» баштады”,-дейт ырчы.

“Бул нерсеге көбүрөөк маани берип калганымдын себеби анын кенебестиги жана «кылган ишин» моюнуна толук албай койгондугунан улам болду. Ырларымды ырдай берсин, бирок менин үнүм менен эмес. Иш-чараларда ырдаган видеосун мага жиберишти жана социалдык тармактардан аны өзүм таап чыктым. Жасмин өзүнүн үнү менен ыр жаздырып алсын, болбосо жандуу үн менен ырдасын. Мен ага видео кайрылуу аркылуу эл алдында кечирим сура деп талап койгом. Эгерде кечирим сурабаса, анда сотко берем», — дейт Айпери Сыдыкова.

БУЛАК: argument.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу