Ырчы Айпери Кубик кызы: «Айланайын, кыргызымдын жигиттери, мени кызганганды токтоткула»

Кыргыз эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы Куба Республикасынын ырчысы Хосе Агромантеменен өзүнүн уулуна арналган «Дани» аттуу ырын жаздырган. Ырчы бул ырды Хосе менен биргеликте көптөгөн тойлордо аткарып, ошол учурдагы видео, сүрөттөрүн интернеттеги баракчасына жайгаштырып турат.

Анын бул сүрөт, видеолору кызуу талкууга алынып, күйөрмандарынын арасында Айпери менен Хосе жакын мамиледе деген кептер тараган. Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү экөөнүн ырдап жаткандагы видеосуна: «Айпери Хосеге ашыкча эле жабыша берет» деген сын-пикирлерин калтырышкан. Мындан тышкары «Кыргыз жигит таппай калсаң мен бармын, мага байланыш», — деген маанидеги билдирүүлөрдүн да саны басымдуу.

Айпери Кубик кызы Хосе менен жөн гана дуэт жаздырганын, экөөнүн ортосунда эч кандай жакын мамиле жок экендигин SUPER.KG порталына билдирди.

«Кээ бир күйөрмандарга таң калам, бир адам менен ырдап койсоң эле дароо чогуу «жашатып» жиберишет. Хосе экөөбүздү чыгармачылык гана байланыштырат. Анын өзүнүн жубайы, баласы бар. Жубайы Елена менен мамилем жакшы. Азыр биздин дуэт үчүн тойго чакыруулар көп түшүп жатат. «Дани» аттуу ырыбызга клип тарттырып бүттүк, эки-үч күндүн ичинде жарыкка чыгат. Клип тартуу учурунда Елена биз менен чогуу жүрдү», — дейт ал.

Ырчы социалдык тармактагы баракчасына: «Айланайын, кыргызымдын жигиттери! Мени кызганганды токтоткула! Хосенин сонун Елена деген аялы бар. Бул биздин жумуш. Дуэт деп коёт. Оюңарды оңдогулачы кичине. Калп эле баатыр болгонду токтоткулачы!» — деген билдирүүсүн калтырган.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу