ЫРЧЫ АЙНУРА САЛАХИДИНОВАНЫН ЖОЛДОШУ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТ САЛЫШАТ

Президенттик шайлоо өтөөрүнө үч жарым ай гана убакыт калды. Күн сайын БШКга арыз бергендердин саны козу карындай жайнап, пенсионер байбичелерден баштап президенттикке ат салышуу үчүн талапкерлигин коюшууда. Катардан кем калбайын деген белгилүү ырчы Айнура Салахидинованын жолдошу Санжар Энназаров да прездинттик шайлоого катышуу үчүн   Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди.

Дагы алдыдагы күндөрдө кандай талапкерлер арыз берээр экендигин күтө туралы.

Белгилей кетсек,  буга чейин президенттикке талапкерлигин койгондор:

Назарбек Нышанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы;

Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери;

Арстанбек Абдылдаев, “Аурдин” ишканасынын директору;

Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты;

Рита Карасартова, “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси;

Бакыт Дегенбаев, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы;

Сайнидин Султанидинов, Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү;

Камила Шаршекеева, Эл аралык Борбордук Азия университетинин ректору;

Талантбек Масадыков, Эл аралык эксперт;

Өмүрбек Бабанов, “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери;

Замира Муратбекова, пенсионер;

Санжарбек Энназаров, убактылуу жумушсуз;

Сагынбек Абдрахманов, “Сүймөнкүл Чокморов” коомдук фондунун төрагасы.

Ал эми эки талапкер саясий партия тарабынан көрсөтүлдү:

Темир Сариев, “Ак шумкар” партиясынын лидери;

Бакыт Төрөбаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери.

Эми алар    1 миллион сом шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек.  Президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын15-октябрында өтөт.

Булак:Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу