Кырчын: айтыштын финалына чыккан кыргыз-казак акындарынын тизмеси

Финал 5-сентябрь күнү «Кырчын» этношаарчасында саат 14.00дө башталат.

Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан эл аралык айтыштын финалына чыккан кыргыз жана казак акындары белгилүү болду.

«Айтыш» коомдук фондусунун маалыматы боюнча чечүүчү таймашка казактардан Айбек Калиев, Биржан Байтуов, Аспанбек Шыгатаев, Максат Аканов чыга турган болсо, аларга кыргыз акындарынан Баян Акматов, Азамат Болгонбаев, Кубат Тукешов жана Асылбек Маратов атаандаш болмокчу.

Эскерте кетсек, бул айтышка да салтка айланып калгандай эле кош байге — 2 миллион сом сайылган.

Финал 5-сентябрь күнү «Кырчын» этношаарчасында саат 14.00дө башталмакчы.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу