Ырчылык менен аткаруучулуктун айырмасын билбеген «жылдыздар»…

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда  «ырчылыктын туу чокусуна» чыккан жылдыздар көп. Бирок алар ырчыбы же аткаруучубу эч маалыматы жок, ал тургай өздөрү деле билишпейт. Тээ илгери ырчы деп жандуу үндө аспаптардын коштоосунда талантын тартуулаган инсандарды айтышкан. Учурда ырчылыкка кыпындай тиешеси жоктор өздөрүн ырчы катары таанытып алышкан.

Тагыраак айтканда үнү жоктор, ырчылыктын терең маанисин билбегендер. Чынында булар аткаруучулар деп аталат.

Салыштырмалуу айтсак ырчылар улуттук филармонияда, опера балет театрында эмгектенишкен мукам үндүүлөр болуп эсептелинет. Ошондуктан угарман дагы сахнада өзүнүн индивидуалдуулугу, үнү жок бирок фонограмма менен шугулданган ырчы аттуулар бул маалыматка кулак салса. Балким кээ бир «ырчылар» ырчы эмес, жөн гана “аткаруучу” экендигин биле жүрүшсө! Кеп, жалтыраган костюм шым, буралган жана чубалган көйнөктө эмес, кеп ырдаган ырдын мазмунунда жана үндө.

Жакынкы күндөрү, өзүн “жылдыз” сезген “ырчылардын” ырчы эмес “просто аткаруучу” экендигин эскертип, алардын тизмесин коомчулукка жарыялайбыз.

Жазира Эрмекова, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу