Ыргытып ийсе кычкачты, Сапарга барып учкашты…

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип, өткөндү эстеп, туура жана туура эмес элге кылган мамилесин так ушул таптарда ойлонуп турган чагы.

ТЭЦ боюнча үч сааттай Исаков сурак берип, УКМК астанасын аттап турган чагы. Толук  томпойгон жигиттин кулагы серейип арыктап калганы, өткөн жумада Жогорку Кеңештин трибунасында эл өкүлдөрүнө отчетунда даана байкалып турду.

Баарынан кызыгы, «балапан» Сапарчик, айрым ММКларга «ТЭЦке мурдагы Өкмөт жооп берсин» деп, экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы таза иштегенин айтып, саясый куугунтук болуп жатканын билдирди.

Тилекке каршы мурдагы президенттин жана анын командасы Сапар Исаковдун тагдыры ар кандай сыноолордун алдында турат. ТЭЦке алынган камералар, кычкачтардын баасы элдин эсинен чыкпайт.

Ошентип, «ыргытып ийсе кычкачты, Сапарга барып учкашты», болду да калды. «Бир уйдун мүйүзүн чапсаң, миң уйдун мүйүзү зыркырайт», болуп, агынан жарылгандар эми четтен чыга берет. «Мөөлөргө» эми «текелер» күлө баштайт.

Баарынан кызыгы, Сапар мырзанын «ТЭЦ боюнча актанганы» социалдык тармактарда шылдыңга калды. Канткен күндө дагы Сапар мырзага сабырдуулук тилейбиз. «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт», минген төөңүз аксады Сапар мырза, азоо аттан ыргыта тебишти, эми капа болбой азоо ат жок болсо дагы кыялданып, ээрде олтура турсаңыз, «аккан арыкка сууга агат», дегендей дагы бир күнү Өкмөт башчылыкка келип калаарсыз…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу