Ымыркай сатууга шектүү беш дарыгер камакта отурат

Ымыркай сатууга байланышы бар деген беш медицина кызматкери азыр тергөө абагында отурат. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу фактысы боюнча төрт кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Милиция Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шек саналып кармалганын 7-сентябрда жарыялаган.

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу