«Эч кимиси өз ролунан баш тартып Шайырга бергиси келбеди»

 

Белгилүү актриса Шайыр Касмалиеванын портретине сүртүмдөр.

Мындан бир топ жыл мурун кыргыз драма театрында болуп жаткан бир спектаклге барып калдым. Андагы негизги ролдун бирин Шайыр Касмалиева аткарып жатыптыр. Окуя эки-үч кылым мурунку кыргыз элинин тарыхын баяндайт экен. А кезде кыргыз менен калмак жер талаштын негизинде кайра-кайра кагылышып кыргын-сүргүн болуп турбады беле. Кыргыздын кыйын жигиттеринин бирине токол болуп күн катары келген, бирок чындыгында өз калкынын жоокерлери үчүн чалгынга жиберилген калмак келиндин ролун Шайыр Касмалиева ийине чыгара аткарды. Буга чейин мен аны телесериалдарда, айрым бир кинолордо аткарган ролдорун көрсөм да эч качан сахнадагы чыгарган ролдоруна көз салган эмесмин. Балким сахнанын таасири башкача болдубу, же болбосо тике маңдайында көрүп отурганым үчүнбү, айтор анын ойногонунда башкаларга караганда ролду өзгөчө кылуу аракети байкалгансыды. Кээ бирөөлөргө окшоп артыкча кыймыл аракет деле кылган жок, бирок айрым бир мезан сцена каарманы менен жуурулушуп кетүүсү байкалды. Ооба мен театр боюнча адис эмесмин. Балким анын ыкы-чыкысы менен да көп тааныштыгым жок. Ошентсе да Шайырдын аткаруусундагы ролдо чыгармачылдыктын толук болбосо да жылт эте калган учкундары сезилип турду. Ошол учурда кыргыз актриса зайыптарынын Бакен Кыдыкеевалардай жарк эткен бийиктеги жылдыздары жок болуп кеткенсип, талантуу болсо дагы өтө бийиктикти багынта албачудай сезилип кетчү. Ошондуктанбы же мага жөн гана катуу таасир эттиби, айтор Шайыр Касмалиева ошондой боштукту толтура турган актрисалардын бириби деген гана ой сезимимди чырмап турду. Андан бери бир топ эле убакыт өтүп кетти. Ошондогу менин ойлорум эми кандай болуп өзгөрдү. Албетте, Кыргыздрама театрына таптакыр барбагандардын катарына кошулбай бирок тилекке каршы кесиптен уламбы, же жөн гана ойго келбейби иши кылып театрга көп келген көрүүчүнүн катарын деле толуктабайм. Ошентсе да бир нерсени жакшы билем Шайыр Касмалиева учурдагы мыкты актрисалардын катарын толуктап тургандыгынан шек жок. Тилекке каршы сахна өнөрүнүн адамдарына тарыхый агым өзгөчө таасир этет. Бир кезде Советтер союзунун учурунда театрга кино искусствого өкмөт менен партия тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп алардын биринчи кезекте социалдык маселелери тез чечилчү. Андан сырткары сахнада өзүн мыкты көрсөтө алгандарды көтөрмөлөп пропагандалоо да жакшы жолго коюлгандыгы белгилүү. Мыктынын мыктылары наамдарды алып, бүткүл союздук театр фестивалдарында сыйлыктарга да жетип турушчу. Эң эле негизгиси, ал кезде заман башка болуп театр күйөрманы да башка адам болгон сыяктуу. Азыркыга караганда сахнада коюлган оюндарга кызыгуу азыркыга караганда алда канча жогору болучу. СССР ыдырагандан кийин театр биринчи кезекте кыйынчылыкка туш болуп ачык айтканда бүлгүнгө учурады. Биринчи кезекте экономикалык маселени чечиш керек болуп театр экинчи эмес алтынчы жетинчи кезекке сүрүлүп калды. Натыйжада классикалык жана башка мыкты чыгармалар коюлбастан ким акча таап келсе ошонун гана пьесалары сахнаны ээлеп калгандай болуп  турбадыбы. Бул албетте баары эле ошентип кетти дегендик эмес. Бирок жалпы атмосфера ошондой акыбалга түшкөндүгү чындык болучу. Мында татаал мезгил биздин каарманыбыздын чыгармачылыгынын башаты жагында болуп калды. Бирок мындай  доор алмашуу учурундагы боло турган кыйынчылык Шайыр Касмалиеваны ийилтсе да сындыра албады.

Чыгармачылык башаты…

Шайырдын сахнаны тандап алышына генетикалык себептери да бар эле. Анткени атасы Зарлык Касмалиев, апасы Гүлнара Суранчиева исскуство өнөр адамдары. Ошондуктан Шайыр жаш кезинде эле актрисалык карьераны эңседи. Бирок апасы Гүлнара кызынын мындай оюна таптакыр каршы чыкты. Андан көрө дарыгер бол деп ошого көндүргөн өңдөндү. Шайыр акыркы класстарын Бишкек шаарындагы кадимки №5 мектепте окуду. Окууну бүткөндөн кийин  тиш доктурлук клиникада жардамчы болуп эмгектенди. Туура бир жылдан кийин Москвадагы атактуу Щепкин атындагы театралдык  жогорку окуу жайга кыргыз тайпасы ачыла турган болуп, таланттуу жаштарды тандоо жүрүп жаткан экен. Шайыр эч ойлонбостон туруп ошол сынакка катышты. Анан канча кылган менен жүрөгүнүн түпкүрүндө эңсеген максаты эмеспи, ички даярдыгы да кенен болсо керек. Айтор Шайыр сынактан дароо өтүп кеткендердин катарын толуктады. Москвада 85-жылдан жогоруда биз атаган атактуу окуу жайдан билим алды. Ошол учурларда Шайыр үчүн мурда эч качан көрбөгөн дүйнө ачылды. Сахнада коюлган спектаклдерди образ ачуу дегенин азаптуу маселе экен деди. Бүт турпаты менен түшүндү. Эң эле негизгиси ошол каармандын сырткы кыймыл аракетин гана келиштирип аткарып койбостон анын ички психологиялык маңызына сүңгүп кирүү экендигин туйду. А бул болсо анын мыкты педагогдор айткандай өтө татаал маселе. Дагы бир жагдай. Сабактан тышкары дагы аракет кылып, изденип, режиссердун көрсөтмөсү менен гана чектелбей актер өзү да аракет кылыш керектигин кулактарына куюшту. Москвадагы театрларга барып сөздүн чыныгы маанисиндеги гений сахна чеберлердин аткарган ролдорун көрдү. Жөн гана катардагы көүүчүдөй болбой айрым штрихтерди сезип, кандай учурда эмне кылыш керек экендигин баамдай баштады. Ошентип эмгек менен чырмалышкан студенттик жылдар тез эле учуп-кайып көздөн далдоо болуп, жылдар жылга алмашты. Ал бүтүп келген жылы Бишкек шаарында жаштар театры ачылып, анын уўгусу ошол Москваны бүтүргөн жаштар түзүтү. Максаттары болсо түшүнүктүү да. Көрүүчүнүн да театр адистеринин купулуна толуп, сахна бийиктигин багынтууну каалаган жаштар абдан аракетчил эмгектене башташты. Тез эле лидерлери бөлүнүп чыкты. Алардын арасында абдан мээнеткеч болгон Шайыр да бар эле. Көп убакыт өткөн жок. Бир жыл, бир жарым жылдан кийин эле өзгөчө жаш актерлердун эңсей турган храмы Т. Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жетекчилигинен сунуш түштү. Шайыр Касмалиева баш тарта алган жок. Кыргыз театралдык исскуствосунун корифейлери эмгектенген ыйык сахнага эми жаш актриса да баш бакты.

Алгачкы ири ролу…

Кыргыз драма театырынын сахнасында жана анын анын каридорлорунда, кандай гана гений таланттардын издери калган. Шайыр мындай атмосфераны алгачкы кундордон  эле сезип жатты. Ошол кездеги ири  таланттардан Советбек Жумадылов, Муканбет Токтобаев өңдүү залкарлар менен иштешип калды. Алардын ар бир ролго жасаган мамилесин көрдү.Шайырдайыма ушундай ашкере таланттуу адамдардын ролго даярданып жаткан учурун билинбей четинен акмалап байкап жүрдү. Маселен: Советбек Жумадылов ар бир ролду деталына чейин майда-чүйдө деп бөлбөстөн иштеп  чыгат экен. Өзү ошол кезде кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү болуп, далай мыкты кино жана сахна ролдорун жаратса дагы эч качан бой көтөрүп манчыркабаган инсан экен. Режиссер кандай тапшырма койсо, дал ошондой кылып аткарат. “Жок, андай эмес, мындай эмес”,-деп эч качан талашпайт. Муканбет Токтобаев да дал ошондой экен. Режиссер эмне айтса ага каршы чыкпастан туруп ишке ашырат. Анан эле спектакль сахнада  коюлуп жатканда алар аткарган ролдор мыкты чыгып эле жатып калат. Кирген алгачкы жылдары Шайырга башкы роль тийген да жок. Бирок ал бул жагдайга кайгырбады. Ролдун майдасы жок экендигин Москвада окуп жүргөндө окутуучулары кулагына куюп, сезимине киргизбеди беле. Туура үч  жыл өткөндөн кийин  анын тилеги кабыл болду. Кыргызстандагы эң күчтүү драматургдардын бири Мар Байжиевдин терээң философиялык мааниси бар “Кыз-күйөө” пьесасы боюнча спектакль коюлуп калды. Кыргыз искусствосунун дагы бир таланттуу адамы, режиссер Бообек Ибраев башкы каарман Гүлсүндүн ролун ойногонго Шайыр Касымалиеваны тандап алган. Жаш актриса чыгармачылыгындагы эң олуттуу учур келгендигин сезди. Же Шайыр ушул ролу аркылуу өзүнүн ким экендигин көрсөтө алат, же болосо андан оўчулуктуу актриса чыкпай тургандыгын далилдейт. Басса- турса дагы оюнда эмне кылып өзгөчөлөнгөн роль жарата алам деген сезим. Режиссер дагы анын бул сезимин туюп эле турду. Камырды аябай ийлегендей кылып, эзип даярдады. Ар бир кыймылды кайра- кайра иштетет. Ой сезимди жасалма эмес, чын жүрөктөн беришин талап кылат. Акыры күткөн күн да келди. Спекталди кабыл алып жатканда, Шайырда репетиция учурундагы күмөн саноолор түп тамыры менен өзүнөн-өзү жок болду. Демек, сахнанын ыйык сыры дал ушунда окшойт. Кабыл алып жаткандар кыргыз театр сахнасында жаңы жүз пайда болгондугун баамдабай коюшкан жок. Ушуну менен Шайыр Касымалиеванын алдына башкы ролдорду жаратуунун каалгасы кенен ачылды.

Жаштардан роль кызганбайм…

Туура, Шайыр исскуство анын ичинде театр чөйрөсү өтө татаал экендигин билчү, сезчү. Бирок өз башына келгенде ошол жагдай ага кандай таасир эте алышы мүмкүн экендигин билчү эмес. Кыргыз драмтеатрына которулгандан кийин ал чон-чоң спектаклдердеги ири ролдорду эңсебей койбоду. Ким эле болбосун чыгармачылыгын башатында ошентмек да. Бирок ал эңсеген ролдорду андан улуу муундагы актрисалар ээлеп аткарып жатышкан. Эч кимиси өз ролунан баш тартып Шайырга бергиси келбеди. Азыркы учурда мени менен маектешип жатканда Шайыр Касмалиева : “Ошол нерсе менин жүрөгүмдө өтө катуу таасири менен калыптыр. Азыркы учурда өзүм аткарып жаткан башкы каармандардын ролдорун эч кысынбай, кызганбай туруп эле өсүп келе жаткан жаштарга берип жиберем. Анткени, жөндөмү, мүмкунчүлүгү болуп туруп рол ала албай калуу эмне экендигин башыман өткөргөм жакшы түшүнөм”-деп ачык айтты. Албетте, мындай окуялар театрдын татаал жашоосунун көрүүчүнүн көзүнө көрүнбөгөн көшөгөнүн артында калган штрихтери.

Шайырдын “Кыз күйөө» спектакли менен башталган башкы каармандарды аткаруу галереясы дагы дагы далай ролдор менен толукталды. Маселен “Король Лирдеги” Карделиянын Курманжан Датканын жана башка чоң- чоң  ролдорду сахнада жаратты. Өзгөчө Кожожаштагы Зулайканын ролун аткарганда көп нерседен кыйналды чайналды. Анткени ал роду кезегинде кыргыз сахнасынын ажары Таттыбүбү Турсунбаева аткарган. Биринчиден аны кайталабашы керек эле, экинчиден ролдун мурда табыла элек жагдайларын ачып берүүсү зарыл болучу. Албетте, спектакдеги жалпы линиядан чыгып кетиш да кыйын. Режиссер Бообек Ибраев экөө баари бир жаңы штрихтерди иштеп жатышты. Акыры Шайыр Зулайканын образын өзү кандай көрсө ошондой кылып терең аткара тургандай кылып чечишти. Адистердин айтымына караганда дал ушул Зулайканын образы Шайырдын мыкты аткарган ролдорунун катарына кирет.

Түркмөнстандын атактуу театр режиссеру, өзүнүн жаңычылдыгы менен айырмаланган Какаджан Аширов Кыргызстанга келип “Чыңгызхандын ак булуту”  деген спектаклди койду. Башкы ролду Шайыр аткарды, дал ушул спектакли менен Казакстанда өткөн Эл аралык театр фестивалында аялдардын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн сыйлыкка татыды. Бүгүнкү күнгө чейин Касмалиева театрларда ролдорду жаратып келет.

Сөз соңу

Биздин каарман кинолордо да көптөгөн ролдорду жаратты. Андан сырткары өзүнүн “Шайыр” деген студиясы бар. Өзү сценарийин жазып Мурат Мамбетов экөө көркөм филмь да тарты. Булар тууралуу кезеги келгенде кеңири сөз кылабыз.

Олжобай Токтосунов

Булак:argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу