Ыйлактаган депутат, жооткоткон министр

Агрардык саясат суу ресурстары жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 30-октябрдагы жыйынында депутат Алмасбек Акматов бир жумадан бери каржы министринин орун басарын таба албай жүргөндөрүнө нааразы болуп, министр Адылбек Касымалиевге даттанып: “Эгерде комитеттин төрагасынын орун басары министрдин орун басарын таба албаса, калгандар кантип табат?”, – деп ыйлактады. Өз кезегинде каржы министри Касымалиев бул маселе боюнча өкмөт башчыга билдиргенин, ал тиешелүү органдарга буйрук бергендигин кошумчалап жооктотту. Ошону менен эл өкүлү ыйлактаган иш тамам болду да калды.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу