ЫЙЛААК Равшан Жээнбеков

Мүлк фондун жетектеп турганда «Асыл таш» пансионатын ит бекер менчиктештирип алган Равшан Жээнбеков, аталган эс алуу жайын 3 миллион долларга сатып жатканы айтылууда. Равшан мырза  пансионатты кезинде кызмат абалынан пайдаланып, 12 миллион сомго менчиктештирип алган. Өзүнөн бир тыйын чыккан эмес. Башкача айтканда, «Асыл таштын» 5-кабатын «Манас» аэропортуна 12 миллионго сатып, ошол акчаны өкмөткө төгүп берип, пансионатты бүтүндөй гектарлаган жери менен өзүнө менчиктештирип алган экен. Бүгүнкү күнгө чейин «Манас» аэропорту свет, суу, мусорго деп Жээнбековго акча төгөт. Анан ушул жигит бүгүн эл, мамлекет туурасында айтса, күйбөгөн жериң күл болот. Пансионатын сатып жатыптыр деген иштерге утурлай, аталган эс алуу жайындагы жубайы Салкын Алимбаевага таандык коттедж өрттөнүп кетти. Мындан улам, Равшан мырза: «Милицияга арыз менен кайрылабыз. Ким өрттөп кетиши мүмкүндүгүн мен билем. Алар жыл сайын бизди коркутуп, акча өндүргүсү келет»,- деп ыйлактады.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу