Шыкмаматов Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин курамына кирди

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык Шыкмаматов Алмамбет Насырканович — Жогорку Кенештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин курамына киргизилди.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин учурдагы курамы:

  • Сооронбай Жээнбеков — президент, улуттук кеңештин төрагасы;
  • Дастанбек Жумабеков — Жогорку Кеңештин төрагасы;
  • Мухаммедкалый Абылгазиев — премьер-министр;
  • Айнаш Токбаева — Жогорку Соттун төрайымы;
  • Иса Өмүркулов — КСДП фракциясынын лидери;
  • Алмазбек Баатырбеков — «Кыргызстан» фракциясынын лидери;
  • Жыргалбек Турускулов — «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери;
  • Бакыт Төрөбаев — «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери;
  • Алтынбек Сулайманов — «Бир бол» фракциясынын лидери;
  • Дамир Сагынбаев — Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • Өткүрбек Жамшитов — Башкы прокурор;
  • Нуржан Шайлдабекова — Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
  • Толкунбек Абдыгулов — Улуттук банктын төрагасы;
  • Улукбек Марипов — Эсептөө палатасынын төрагасы;
  • Олег Панкратов — Экономика министри;
  • Адылбек Касымалиев — Каржы министри;
  • Нурсулуу Ахметова — президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;
  • Азамат Дикамбаев — Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
  • Светлана Борцова — «ЭкоПартнер» консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору;
  • Айнура Усупбекова — «Жарандык Платформа» коомдук фондунун директору;
  • Азиза Юлдашева — «Жер Азыгы» Кыргыз мамлекетинин агробизнесмендеринин ассоциациясынын аткаруучу директору;
  • Таалайбек Койчуманов — өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;
  • Улук Кыдырбаев — Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы;
  • Надежда Добрецова — Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы.

Булак: Zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу