Шыкмаматов: Текебаевдин иши жаңы жагдайлар менен кайра каралсын

«Ата Мекен» фракциясы Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар менен кароо өтүнүчү менен сот, прокуратура органдарына кайрылат. Бул тууралуу фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов Таласта өткөн көчмө жыйында билдирди:

— Текебаев ак жеринен эркинен ажырады. Ошондуктан, азыркы жаңы бийлик, жаңы сот системасы, жаңы идеология, адилеттүүлүк орносун, калыстык келди деген заман чын болсо, Текебаев чыгышы керек. Анткени Текебаев ак жеринен отурганын алты миллион эл билет. Бир далил жок Атамбаев өзүнүн кызыкчылыгы үчүн бир шылуунду алып келип, прокурордун да, соттун да ролун аткарып камады. Текебаевди сот же прокурор отургузган эмес. Алар унчукпай гана кол көтөрүп берген. Бул жеке Атамбаевдин талабы болгон. Мен ишенем Текебаев чыгат.

22-октябрда «Ата Мекен» фракциясы Таласта көчмө жыйын уюштурду. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүндө өткөн иш-чарада айыл чарба жана билим берүү тармагы боюнча талкуу болду.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу