Шыкмаматов: Текебаевдин ишин кайра кароого негиз бар

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевскийдин камакка алынганы боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Шыкмаматовдун пикиринде Маевскийдин камалышы Текебаевдин ишин кайра кароого негиз боло алат.

— Маевскийдин кандай адам экени тастыкталды. Бул биздин эки жылдан бери жаңы бийликтен Текебаевдин ишин кайра карап, акыйкат чечим чыгарып бергиле деген талабыбыз туура экенин айгинелеп жатат. Сөзсүз түрдө Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга моралдык, мыйзамдык, саясий жактан дагы негиз болуп жатат, — деди депутат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө, орусиялык ишкер, Мамдуманын экс-депутаты Леонид Маевский «бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган» деп айыпталууда. 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка маалымат агенттиктери кабарлашты.

«Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу