ШЫКМАМАТОВ: “ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН СЕССИЯСЫН СМС МЕНЕН ЧАКЫРДЫ ДЕП ТАРЫХТА КАЛБАЙЛЫ”

Эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 25-августта ЖКнын сессиясы мыйзамсыз чакырылганын билдирди.

Ал мыйзамды толугу менен сактоого чакырды.

“Чү дегенде эле мыйзамды бузбайлы, мыйзамды сактайлы, өзүм билемдикти токтотолу дегендин эмнесине теригип атасыз? 2 саат тыныгуу алалы. Демейде юристтер жаныңыздан чыкпай калат го. Бул тарыхта калат. СМС менен Жогорку Кеңештин сессиясын чогултту деп. Расмий түрдө болсун баары”,-деди Шыкмаматов.

Депутаттын бул сөзүнө териккен төрага жооп кайтарды.

“Алмамбет Насырканович СМС менен эмес, буйрук менен келип жүрбөйсүзбү. Маалыматтар телеканалдар аркылуу, гезиттер аркылуу, ЖКнын сайты аркылуу берилген. Баары мыйзам чегинде болуп жатат.  Күнөөнү бирөөгө үйүп салмай жок”,-деди төрага.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу