ШЫБЫРТ: Раиса Атамбаева Бакыт Бакетаевдин жубайына ыйлап…

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, саясый серепчи Бакыт Бакетаевдин келинчеги, кечээ жакында Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева уюштурган чакан чайына барып келген. Ошол жерде экс-айым санаалаштарына агынан жарылып бугун айткан.

Раиса Атамбаева: “там враги, и здесь враги и везде враги”, кайда, кантип жашайбыз” деп көзүнө жаш алып ыйлаган. Раиса айымдын мөлтүрөп аккан көз жашын көргөн саясый серепчи,Бакыт Бакетаевдин жубайы сарсанаа болуп, “дүжүр” серепчи жолдошуна, “аларда го акча бар экен, алар кайда барса жашап кетет. Биздин көрөр күнүнүбүз эмне болот” деп, Бакыт мырзанын күнү-түнү кулагын жеп аткан маалы экен.

Ошентип, эсине келген Бакыт Бакетаев айрым күнөөлөрүн жууш үчүн, жакшылык-жамандыктан калбай, кээ бир саясатчылардын эшигин каккылап жаткани имиш…

Албетте бул айтылган ШЫБЫРТ чындык. Саясатчы, Адахан Мадумаров айткандай, ар дайым арчанын түбүндө даяр турган, “дүжүр” серепчилер, жогорку маалыматтан сабак алышы керек. “Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат”, деген кыргызда макал бар. Андыктан, мындан кийинки саясый серепчилер деле бийликтин арыгын, “канал” кылып чаппай, ЧЫНДЫК тарапта болсо…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу