ШЫБЫРТ: Алмаз Үсөнов, Атамбаевге “мен барбайм” деп СМС жазып коюптур…

Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда  анын айтканын “лам” дебей аткарып, Атамбаевди айга күнгө теңеп, эң ишенимдүү адамдарындай түр көрсөтүп, кызматтан кызматка көтөрүлгөндөр бар эле. Анан эле Атамбаев кызматтан кетип, кызмат эмес, оомат кошо тайып, дооматтар көбөйө баштаганда, баягы жандап жүргөн жандоочтору кумга сиңген кумдай болуп жок болуп кетишти.

Алардын экөө: УКМКнын мурдагы төрагасы  Абдил Сегизбаев менен Атамбаевдин маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеп жүрүп, президенттин аппарат башчысы болуп, элдин оозун ачырган Алмаз Үсөнов.

Бул эки жигит  Атамбаевдин тушунда маалымат саясатын колго алып, оппозицияны иттей ийлеген сюжеттерди, макалаларды таратып турушту. Анан эле акыркы мезгилде кара пиярдын устазы болгон бул эки жигит көздөн далдоо болуп кетти.

Көрсө Алмаз Үсөнов менен Абдил Сегизбаевди биз эле эмес, Атамбаев өзү да ит менен издеттирип таба албай жатыптыр. Жакында эле Атамбаев “Алмаз Үсөновду таап кел”деп алдындагы жан сакчыларына буйрук берип, алар Үсөновдун үйүн үч күн күзөтүп отурса да чыкпай койгону, акыры смс менен “мен барбайм” деп жазып ийгенин Атамбаевди сатпаган саналуу депутаттар жакасын кармап жүрүшөт.

“Учурда Үсөнов да, Сегизбаев да телефондорун өчүрүп, үйлөрүнөн чыкпай жатышат” дейт. Эми не дейбиз? Атамбаев команда тандоодон жаңылганын өзү да сезип турса керек.

Болбосо, Алмаз Үсөнов деген жигитти Атамбаев 6 жыл канатына калкалап, акырында Үсөн Сыдыков, Медет Садыркулов деген лөктөр иштеген президенттик аппаратка башчы кылганы үчүн деле азыр Атамбаевдин жанында турушу керек эле го? Кайран сөз…

А баса, Атамбаев аппараттагы кагаз ташыгыч деңгээлдеги Индира Жолдубаеваны башкы прокурорлукка чейин көкөлөтүп, далай саясатчынын шоруна калтырганы эсиңерде болсо керек. Индира айым да шефине таптырбай “куйругун түйүп” кеткенине кыйла күндөр өтүптүр, “вааа-ааай”.

Булак: Nazar News.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу