Шумдук! Бек Борбиев «Кыргызстан» дегенди «Кыргыз Каганаты» деп өзгөртүүнү сунуштап интернетке дүң салды…

Ырчы Бек Борбиев өзүнүн фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу көптөгөн саясий окуяларга өз пикирин айтып, ар кандай сунуштарды жазып келет. Ырчы «Кыргызстан» деген мамлекеттин атын «Кыргыз Каганаты» деп өзгөртүү сунушун киргизди. Бул албетте көпчүлүктүн оюн буруп интернетте катуу талкууну жаратты.

Бек Борбиев постуна:

«Кыргыз Каганаты — деп аталсак, ким макул?! Стан, республика дебей», -деп жазып чыкты.

Айрым гана интернет колдонуучулары бул сунушту колдоорун билдиришкени болбосо, көпчүлүк ырчынын бул сунушуна каршы чыгышууда.

Интернет колдонуучулары «Каганатты каган башкарат да», «бирөөнү каган кылып өмүр бою башкартып мамлекетти жок кылалыбы?!», «мындан башка маселе жокпу, буга миллиарддаган акча кетет» деп катуу талкууга алышууда.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу