Штирлиц, айтылуу Тихоновдун армандуу махабаттары

«Жаздын 17- көз ирмеми» аттуу көп сериялуу кинодогу Штирлиц канчалаган өспүрүмдөрдүн кумирине айланды. Жалындуу көз караш канчалаган бийкечтердин жүрөгүн арбап, саргарган гезит бетине чыккан сүрөттөр көз жашка ным болуп жаздык астында жатты. Далай кино күйөрмандарды эрдиги менен багындырып келген Штирлицтин образын жараткан Вячевлав Тихоновдун жашоосуна сереп салып көрсөк. Актер чыныгы жашоосунда кандай адам болгон? Канчалаган ашыктыктын отун арнаган сулуулардын арасынан кимдер озунуп жүрөгүн ээлеген? Айтор көшөгө артында калган актердун аруу махабатын, жеке жашоосун арадан бир топ жылдар өтсө да ачык берүүнү туура көрдүк.

Алгачкы сүйүүгѳ суу сепкен махабат

Тихоновдун бала чагы Москва четиндеги Павловдо өткөн. Атасы фаврикада механик болуп эмгектенсе, апасы мектепте тарбиячы болуп иштейт. Жаңыдан өспүрүмдүк куракка келгенде согуш башталып, апаат мезгил Славаны тез эле мектепти аяктоого мажбур кылды. Согуш аяктаганча иштебеген жери калбаган өспүрүм, согуштун аякташы менен токтоп калган билимин улоого далалат кылып, орто окуу жайына тапшырат. Кез-кезде киного барганда андагы актерлерго кызыгуусу артып, кыялданганы менен алдыга койгон максаты окууну аяктоо болгон. Бул учурда Славанын жүрөгүн Юля аттуу бийкеч ээлеп, далай түндөр таттуу кыялдар менен өттү. Канчалык ашыгы менен кол кармашууга аракет кылбасын окууну аяктоо керек деген максат кармап турду. Билимин жогорулатуу үчүн Москвага бет алган уланды тагдыр жолу менен каалоосу Автомеханикалык институтка эмес ВГИКе жетелеп келет. Экзамендерге киргени менен эки айдан кийин биринчи кулоодогу студенттер арасына илинип, өтпөй калат. Бирок экзамен учурунда жалындап күйгөн оттуу ойноок көздү сулуу чумак уланды Борис Бибиков эстеп калып, издеп таап өзүнүн курсуна кабыл алат. Окутуучунун үмүтүн жаңы келген студент тез эле актады. Үчүнчү курска келгенде режиссерлордун көзүнө түшүп, “Жаш гвардия”, “Тынч күндөр” аттуу кино тасмаларга чакырылат. Бул Славанын жылдызы жана баштаган алгачкы кадамдар эле.

Улам кино тармагына кызыгуусу күч алган Славанын жүрөгүндө Юля жашаганы менен дайыма жанында жүргөн курсташы Нонна Мордюкова менен жакын болуп кетет. Тез эле ортолорунда сүйүү оту жанып, Нонна Славадан кош бойлуу экенин билет. Бул күтүүсүз окуя Слава үчүн үй бүлө куруп, баласына үлгүлүү ата болууга түртөт. Ал эми бул учурда кичи шаарда Юля сүйүктүүсүн күтүп, айлуу түндө бири-бирине беришкен убаданы бек кармап жүргөн болот. Качан Славанын жаңы сүйүктүүсүнүн кош бойлуу экенин билгенден кийин тез эле Тихонов менен болгон мамилеси муздап алыстап калат.

Слава менен Нонна үйлөнүү той кылып, суденттер жатаканасына жашап калышат. Кийинчерээк Тихоновго таптакыр полу жакпаган тогуз метрлик бөлмөгө көчүп келишет. Ал эми кино жаатында жаш жубайларды ийгилик жылоолоп  “Жаш гвардия” кинотасмасынан Сталиндик премияга ээ болушат.

Билинбей жылдар өтүп ВГИКти аяктаар менен Тихонов киноактерлер театрына кабыл алынганы менен дайыма ролдорго туш боло берген жок. Көп учурда жумушсуз болуп калып, үй-бүлөнүн табышкери Нонна болот.

капка катылган элүү жыл

Жылдызы жанган эки кино чеберинин турмуш жолу эки ачакей кетиши советтик киноматографтар үчүн күтүүсүз болду. Көгүлтүр экрандагы суйкайган сулууга кимдердин гана көзү түшуп сугу арткани жок. Канчалаган мырзалар сүйүүсүн айтып, артынан чуркаган жок. Бирок бири да эки жылдыздын үй-бүлөсүнүн бекемдигине тоскоол боло алган жок. Күндөрдүн бир күнүндө Нонна Тихонов үйүнө келсе анын бөлмөсүндө аялы күйөрмандары менен маектешип отурганына күбө болот да ойношу деген ой менен ашыкча суроо узатпай кийимдерин жыйнап  чыгып кетет. Артынан чыгып кимдер экени тууралуу айтып актануунун ордуна Ноннаунчукпастан кала берген. Үнсүз ажырашууТихонов менен Ноннаны элүү жыл  сүйлөшүүгѳ мүмкүнчүлүк берген эмес.  Жада калса өлүм алдында жаткан уулунун оор абалы да эки жылдыздын ортосун жумшарта алган жок. Жөн гана уулунун эки жагында тиктеп отуруп тиги дүйнөгө узатышкан. Арадан тогуз он жыл өткөндөн кийин Нонна Мордюкова тууралуу документалдуу тасма тартып жаткан учурда журналистер Ноннага Тихонов менен байланыштырууга аракет кылышканда, “нын телефон номери жо” деп жооп берген. Албетте журналистерге актердун телефон номерин табуу кыйынчылык жаратпайт эмеспи, тез эле Тихонов менен байланышка чыгышат. Бул эки жылдыздын кыска сүйлөшүүсү бири-бирин кечирүү менен аяктаган. Жолдошунун үн-сөзү жок чыгып кеткени Мордюкованын мойнундагы жүк болуп жүргөнбү айтор, тез эле жарык дүйнө менен кош айтышып кетет.

Экинчи үй-бүлө же тагдыр тартуулаган кызганыч

Актер экинчи үй-бүлө кургандан тартып биринчи никеси болгон Нонна жана биринчи никесиндеги небереси менен байланышпаганын экинчи аялы Тамара менен кызы Аннанын тоскоол болгонун айтып келишет. Чындыгында экинчи никеси менен жашоо актер үчүн тозок күндөр болгон. Анда кеп башынан болсун.

Тихонов кырктын кырына барып калганда француз кинофилминде иштеп калат. Албетте, киного тартылууда алардын тилинде да сүйлөй билиш керек да. Тез эле Эл аралык байланыштар институтунда француз тилинен берген жыйырма беш жаштагы сымбаттуу мугалимге жолугат. Башында экөөнү тил үйрөнүү байласа бара-бара ортолорунда сүйүү оту жанып, мугалим үй-бүлөсүн таштап Тихоновго турмушка чыгат. Жаңы жашоосу тынч өткөнү менен бара-бара Тамарада кызгануу сезими пайда болуп, жолдошунун ар бир кадамын текшерип баштайт. Бул кызганыч Тихоновду биринчи никеси менен мамилесин таптакыр үзүп, жаш журналистер менен жогорудан баарлашып калат.  Бул актердун жипсиз капаска түшкөнү менен барабар эле.

Капастан кутулуу

Экинчи никеси менен актер өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн өткөргөнү менен Тамаранын тынымсыз шектенип кызгануусу ажырашууга алып келди. Актердун кызы менен эгиз жээндерине болгон таттуу сүйүүсү да үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй кармап кала алган жок.

Жаш өтүп жалгыздык менен алпурушканда бир кездеги аруу сүйүүсү болгон Юляны көп эстеп, жада калса издеп табууга да үлгүргөн. Телефон аркылуу бир топко чейин сүйлөшүшүп, жаштыкты эстешип жолугушууга аракет кылышканы менен тагдыр алардын жолун кайчылаштырбады.  Актердун карылыктагы тапкан оорулары: жүрөгү, бөйрөгү айтор оорунун айынан Юляга жолугам деп берген убадаларын дагы аткара алган жок.

2006 жылы “ Андерсен. Сүйүүсүз жашоо” аттуу кинотасмага түшөт. Бир жылдан кийин оорунун айынан операция болот, бул операциянын ийгилиги көпкө созулган жок. 2009-жылы экинчи жолу операция болуп, улам бирт органы иштебей врачтарды көпкө убара кылуу менен үйүнө кайтпай калган.

Булак: argument.kg

Даярдаган Дамира СААЛИЕВА

Аргумент.kg
Жооп калтыруу