Жай мезгилинин келиши менен президенттик шайлоого кызуу даярдык көрүлүп, талапкерлердин эл менен жолугушуусу ар бир аймакта уюштурулуп баштады. Мына ошол жолугушууларда талапкерлер жети облуска өзүлөрү гана барбастан, шоу бизнес өкүлдөрүн ээрчитип, элге ыр-майрам да тартуулап келишет. Мына ушул шайлоодо элди үгүттөп ырдап жүргөн ырчылардын ставкалары сиздерди кызыктырабы? Анда, ал маалымат төмөндө.
Талапкерлерден:
Мирбек Атабеков-50 000- 30 000 доллар
Анжелика- 25 000 миң доллар
Нурмат Садыров- 20 000 миң доллар
Асель Кадырбекова- 15 000миң доллар
Алмаз Шаадаев- 10 000 доллар
Курал Чокоев- 8 000 миң доллар
Кундуз Канатбек кызы- 5 000 доллар акы сурап жатышыптыр. Бул маалыматтарды биздин ишенимдүү булактардан жана ырчылардын өз ооздору менен кесиптештерине айтып журүшкөнүнөн ала алдык. Анан да тизмени түзүп жатып айрым ырчылар өзүлөрүн аша чаап баалагандарына таң калсак , кээ биринин баалары маанайды көтөрүштү.
Эске сала кетсек президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрь күнү өтөт. Бул күнү Кыргызстандын 5- президенти шайланат.
Булак: nazarnews.kg