Шоудагы так талаш

Кыргыздын шоу-бизнеси саясаты сыяктуу эч эле туруксуз экенин ким тана алат?  Эч ким… Анткени шоу чөйрөдөн тапкан жылдыз ордун, булутка кирген ай сыяктуу убакыт өтө жоготуп алган ырчыларыбыздын саны аз эмес.

Бир кезде мега жылдыз болуп Мирбек Атабеков чыкты эле. Ансыз престиждүү деген тойлор да өтпөй, концерттер кезек-кезек болуп убагын күтүп калган.

Убакыттын өтүшү менен Мирбек мырзанын да жылдызы өчө баштаган сыяктуу. Бир ырды эки жылда бир жаздырып коюп, анда-санда концерттик программаларда ырдап койгону болбосо бул чөйрөдөн алыстап бараткандай. Балким жетээр чэгине жетип, тапчу акчасын таап койдубу?

Бул шоу-бизнес дегениң сулуулук сыяктуу бат эле  өчүп калчу немеби?

Алтын так эч качан бош турбайт экен. Мирбек Атабеков ээрден жаңы эле кыйшайганда ордун  Нурлан  Насип  деген ырчыбыз ээлеп калды көрүнөт. Анын доору канчага дейре созулаар экен? Аны тактыдан кулатууга кайсы жаш ырчынын күчү жетет?

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу