«Шоопур» Илмиянов жакын тууганы Аширбай Жусупов аркылуу кантип россиялык инвесторлорду сызга олтургузган?

Окуяны башынан баштайлы. Тээ 2008-жылы эле КР жараны Аширбай Жусупов менен РФ жараны Владимир Куливацкий экөө «Козу-Баглан» аттуу ЖЧКны чогуу түптөшкөн. Анын уставдык капиталы боюнча 51% үлүш РФ жаранына, 49% үлүш КР жаранына тиешелүү болгон. РФ жараны Россиянын Воронеж шаарындагы «Белстар-Агро» ЖАКсынын өкүлү болгон.
«Козу-Баглан» ЖЧКсын түзүүнүн максаты – Россиядан азык-түлүктөрдү ташуу жана аны Кыргызстанда реализациялоо болгон. ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн чечими менен ЖЧКнын директору Аширбай Жусупов болгон. Ал башкы бухгалтердик кызматка өзүнүн өмүрлүк жарын алган. Башынан эле айтып коелу, бул долбоор КР президентинин иш башкармалыгынын деңгээлинде макулдашылган экен. Демек, бул бизнес өнүгүп, мамлекеттин бюджетине түшкөн акчалар көбөйөт деген ишеним болгон.

Ошентип алар бир нече жыл чогуу иштешкен убакытта А. Жусупов КР мыйзамдарын жана ишкердик кызматташуу боюнча эл аралык нормаларды таптакыр сактабай тургандыгын көрсөткөн. В. Куливацкийдин айтымында кирешелерди жаап-жашыруу, ишенип тапшырылган акча каражаттарын жок кылуу, жасалма документтерди жасоо сыяктуу фактылар бар.
Жабыркаган тарап мына ушундай конкреттүү фактылар менен бир нече жолу жарандардын укугун коргошу керек болгон мамлекеттик түрдүү органдарга кайрылышкан. Бирок, андай кайрылуулар тескери гана эффект берип койгон. Башкача айтканда, “Козу-Баглан” ЖЧКсынын өкүлү, “Белстар-Агро” ЖАКсынын генералдык директорунун жардамчысы А. В. Макаровго карата ойдон чыгарылган фактылар менен коркутуу-үркүтүүлөр болгон, алтургай аны камакка алуу аракети да жасалган. Ошондон улам ал Кыргызстанга келүүдөн да чоочуркап калган.
Жабырлануучулардын айтымында А. Жусуповдун россиялык компаниянын алдында дебитордук карызы 2011-жылы 36 млн рублди чапчыган. Андан башка карыздарын, көз боемочулуктарын кошуп эсептегенде жалпысынан 65 млн рублди ал россиялык өнөктөштөрүнө бербей келет. Ошондон улам 2011-жылы 1-октябрда аны директорлук кызматтан “Козу-Баглан” ЖЧКсынын чогулушунда айдашкан. Бирок, ошондон бери карай ЖЧКнын документтерин жана мүлктөрүн өткөрүп берүү бололек. Бүгүнкү күндө бухгалтердик документтердин чоң бөлүгү жок. Кыязы, Жусупов аялы экөө кандайдыр бир мыйзамсыз финансылык операцияларын жаап-жашыруу максатында ал документтерди өздөрүндө кармап турушат окшойт.
Айтор, мыйзамсыз иш-аракеттери көзгө даана көрүнүп турса дагы А. Жусуповго карата А. Атамбаевдин маалында эч кандай чара көрүлгөн эмес. Тескерисинче, ал КР өкмөтүнүн алдындагы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басарлык кызматына барган. Андан сырткары ал 2017-жылдын 22-июнунда экс-президент А. Атамбаевдин колунан “Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы Мамлекеттик кеңешичиси” деген чин алган. Эмнеге?
Эске сала кетсек, экс-президент А. Атамбаев эки сөзүнүн биринде: “Биз инвесторлор үчүн бейиш түзүп беришибиз керек” деп көп айтчу. Бирок, ал тескерисинче, ошондой инвесторлорду алдоо жолу менен миллиондорго сызга отургузуп кеткен А. Жусуповду кызматка да көтөрүп, чин дагы берип атат?
Көрсө, мунун сыры эң эле жөнөкөй экен. А. Жусупов А. Атамбаевдин “шоопуру” И. Илмияновдун жакын тууганы тура. Туугандык мамиле бар жерде коррупцияга каршы күрөш, инвесторлорго бейиш түзүп берүү маселелери көңүл сыртында калып келген турбайбы.

Бул боюнча далилдүү көп документтер колубузга тийди. Кызыктуу далилдер келтирилген маалыматтарды эми үзгүлтүксүз улантабыз. Бул сөз башы гана…

«Маалымат.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу