Шоопур Икрамжан Илмияновдун кланы — ТИЗМЕ

Алмазбек Атамбаев президент болуп турган алты жылдын ичинде ачкөздүктөрү, тойбостуктары жагынан эки качкын президенттикин бириктирип алганда да алардан эки эсе ашкан криминалдык кландык топту түзсө, ал кландын мүчөлөрү да өздөрүнүн кландарын түзгөнгө жетишкен.

Биз мындан ары АШАнын криминалдык кланынын мүчөлөрүнүн кландары жөнүндө материалдарды берип турабыз. Аны, албетте, АШАнын эң жакын адамы, кесиби касапчы, шоопур болгону менен республикадагы кадр маселесинин көбүн чечип, “шапкелерди” чогулткучтун милдетин аткарган Икрамжан Илимияновдон баштайбыз.

Икрамжан Илмиянов Лейлек районунун Катран айылында туулган, ичкиликтердин ичиндеги ават деген кичинекей уруудан болот. Ош, Баткен тарапты айтпай эле коёлу, азыр Бишкектен деле лейлектиктердин (аваттардын) бири жетекчинин орун басары, жок дегенде бөлүм башчы болуп иштебеген мекемени табуу кыйын.

1. Бөрүбаев Самат Нарматович, (уруусу ават)Илмияновдун ыкыбалы келери менен КРнын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба Мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы болуп дайындалган. ЖКга депутат болуп турганда кызматтык батирди мыйзамсыз менчиктештирип алгандыгы менен эсте калган. Статс-катчы болгондон бери Агенттикте кадрдык баш аламандыктарды күчөтүп, мыйзамсыз дайындоолорду ишке ашыргандыгы менен аты чыгып келатат. Шоопурдун эң жакын тууганы болгондуктан эч ким анын тизгинин тарта алган эмес. Бул адамдын мыйзамсыз иштери боюнча жакында өзүнчө материалдарды сунуштайбыз.
Бөрүбаев Саматтын бир тууган агасы, (бул да ават) Баткендеги “Кыргызгипрозем” ишканасын жетектейт.

2. Мурдагы Салык кызматынын, финансы полициясынын жетекчиси Замир Осмонов Илмияновдун “кан досу” жана негизги капчыктарынын бири. Ал шоопурдун бизнестеринин милдеттүү төлөмдөрүн азайтып, кыңыр иштерин жаап жашырып келген. Өзү да чоң байлардын бири. Коррупциялык схемалар аркылуу республиканын бюджетинен 200 миллион сомдон ашык акча ал Салык кызматын жетектеп турганда чыгарылып кеткен.

3. Жусупов Аширбай, (уруусу ават) шоопурдун жакын тууганы, республиканын башкы ветеринардык врачы. Ал Россиялык ишкерлерди миллиондорго зыянга учураткандыгы, алар арызданганда шоопурдун аркасы менен суурулуп чыгып кеткендиги жагынан атагы чыккан.
4. Абдулаат Кадыров (уруусу ават) Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси. Икрам Илмияновдун жакын туурганы.  Абдулаат Кадыров өзү жетектеп турган борбордо ири коррупциялык иштерди жасаган. Тиешелүү органдар бүгүн барып текшерип, аны камакка алса боло турган фактылар жетиштүү.

4. Чолоев Абибилла, (уруусу ават) шоопурдун жакын тууганы, салык кызматында чоң бөлүмдөрдүн бирин башкарат. Бишкектеги бай адамдардын бири катары эсептелет.

5. Чолоев Басыт, (уруусу ават) жакын тууганы. Учурда Баткен облустук МАИсин башкарат. Облустагы байлардын бири.

6. Исакулов Жылдыз, шоопурдун досу, кличкасы: “Жылдыз лимузин”. Цирктин жанындагы лимузиндерди ижарага берүүчү бизнести толугу менен көзөмөлдөйт. Досунун аркасы менен өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары да болгон. Ишенимдүү булактарга ылайык, шоопур экөөсү башка бизнестерди да жүргүзүшөт.

7. Аширбаев Акжол, (уруусу ават) шоопурдун бир тууган таякеси. Мурда ар жерлерде участкалык милиционер болуп эптеп иштеп жүрсө, кийин Сүлүктү, Кызыл-Кыя ИИБдерине начальник болгон.

8. Абдулмухтар Анарботоев, шоопурдун досу, Исфана учурдагы мэри. Баткенде “эң начар мэр” деген атакка ээ болгон.

9. Каракулов Рустам, (уруусу ават) шоопурдун жакын тууганы, Мамлекеттик материалдык резервдер мекемесинин жетекчисинин орун басары.

10. Исаев Тилектеш, (уруусу ават) КСДПдан экс-депутат, шоопурдун досу, “Газпромаэрону” жетектеген. ГСМ тармагында ири бизнес менен шугулданат.

11. Турат Айдаров, (уруусу ават) Свердлов районунун администрациясынын башчысынын орун басары. Шоопурдун жакын адамдарынын бири.

12. Илмиянов Зулкайнар, (уруусу ават) шоопурдун бир тууган иниси. Диплому бар-жогу белгисиз, бирок Баткен бажысында жооптуу кызматта иштейт.

13. Илмиянов Рахим, (уруусу ават) бир тууганы, кличкасы: “Максим”. Анткени, Лейлектеги бардык иштер ал аркылуу чечилип келген. Арка айыл өкмөтүнүн 30 сотук жерин мыйзамсыз өзүнө өткөрүп алган. Шоопурдун дагы бир иниси билими, даярдыгы жоктугуна карабастан СГОдо иштеп келген. Экинчи Раим деген тууганы президенттин күзөтчүлөрүн башкарып келген.

14. Досбол Нур уулу, (уруусу ават) тууганы. К.Бакиевдин эң жакын соратниги экендигине карабастан шоопурдун аркасы менен элчиликке сунуш кылынып, парламенттен өтпөй калган.

15. Абдыкасыт Исаев, (уруусу ават) жакын тууганы. Лейлек районунун акиминин биринчи орун басары. Бир айылды башкара ала турган деңгээли жоктугуна карабай бүгүнкү күнгө чейин райондогу маселелердин баарын ушул тейлейт.

16. Биринчи Май райсоцфондусунун азыркы жетекчиси, Лейлек райакиминин Рахат деген мурдагы орун басары — Билим берүү жана илим министрлигинин аппаратынын чоң бөлүмүнүн азыркы башчысы да шоопурдун туугандарынан. Шоопурдун фискалдык органдардагы, билим берүү тармагындагы ж.б. чөйрөлөрдөгү майлуу-сүттүү орундарда иштеп жатышкан туугандары, жердештери жүздөп саналат.

Жогоруда аталган туугандарынын айрымдары кызмат орундарын өзгөртүшүп, айрымдары жогорулап, айрымдары башка кызматтарга которулуп кетип да жатышат. Анткени, илмияновчулар мезгилге жараша түстөрүн тез өзгөртүшөт.

Эң кооптуусу бул Шоопур Лейлек районунун элин уруу-урууга бөлүп таштаган. Өзүнүн ават уруусунан чыккандарды гана райондук деңгээлдеги чоң кызматтарга койдуруп, элдин катуу нааразычылыгын жараткан. Азыр Лейлекте ават уруусун баары жек көрүп, аларды «сарттар» деп да атап алышкан. Кыскасы, билими жок Икрам 6 жылда боткосун болушунча чалды. Эми колу менен жасаган иштерин мойну менен тартышы керек.

Булак: “Маалымат.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу