“Шоопурдун” шоопур досу: “Икрамжан Илмияновдун алдына баш ийип баргандан кийин “Шакини” адам ордуна деле көрбөй калдым…”

Икрамжан Илмиянов бир кезде Алмаз Атамбаевдин шоопуру болуп жүргөн чакта албетте өз кесиптештеринен дос күткөн. Ошондой шоопур досторунун бири Икрамжан Илмиянов президент Атамбаевдин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп турган учурда досунун Ак үйдөгү кабинетин көрүүгө куштар болуп, суранып келип калат. Илмияновдун кабылдамасына кирсе бир нече депутат, министрлер кезек күтүп олтурушуптур. Алардын арасында арак магнаты Шаршенбек Абдыкеримов да бар экен. Албетте “Шоопур” шоопур досун кезексиз кабыл алат. “Шаке” баш болгон депутаттар ооз ачкан бойдон кабылдамада калышат.

Ошол учурду шоопур мындайча эскерет: “Мен өзүмдү кезексиз киргеним үчүн тиги депутат жана министрлердин алдында аябай ыңгайсыз сезип калдым. Икрамдын кабинетине кирип барсам ушунчалык таза жана кооз экен. Баары эле жалтырайт. Досум ал-акыбалымды сурап, өткөн-кеткендерди эскерип көпкө сүйлөшүп олтуруп калдык. Дегеле шашпайт. Анын кабинетинде чоң  телевизор туруптур, ал кабылдамадагы кыбыр эткен кыймылдын баарын Икрамга көрсөтүп турат экен. Ал жерде башын жерге салып кезек күтүп олтурган депутаттар менен министрлерди, арак магнат “Шакини” көрүп, дагы ыңгайсызданып, бир сааттай сүйлөшүп олтургандан кийин “мен кетейин, Шакилер да күтүп калышты окшойт” деп шашып калдым.

Икрам дегеле шашпайт: “Ээ, койчу ошол Шакини, керек болсо күтүп олтурат, керек болбосо кете берсин” дейт. Ошондо мен Икрам досума бир ыраазы болдум. Олигарх, кычыраган бай, арак магнат Шакини биздин шоопурлар “кастасынан” да төмөн түшүрүп койду. Биздин духту көтөрүп салды. Ошондон кийин мен “Шакини” адам ордуна да көрбөй калдым. Ал деле башына бир иш түшкөндө бизге окшогон бир байкуш болуп калат экен да. Кыңк этпей биздин кесиптеш Икрамдын алдына баш ийип келет турбайбы. Оомалу-төкмөлүү дүйнө деген ушул экен да…

Анан да шоопур Икрамдын бийликке келиши менен Кыргызстандын бийлигине бир нече шоопурду алып келип, биздин кесиптин баркын көтөрдү. Өзүнүн шоопурун Стамбулга консул кылып жөнөттү. Бир нече шоопурду ар партиянын тизмесине киргизип, Жогорку Кеңешке депутаттыкка алып келди. Дагы эмне керек? Атамбаевди Кыргызстандын тарыхындагы эң жаман президент болду дешет. Башкасын билбейм, шоопурлар үчүн жакшы эле президент болду. Айрыкча биздин дос Икрамжан Илмиянов үчүн”

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу