Шоопурдун алдында шылкыйган Шаки

«Легендарлуу шоопур» Икрам Илмияновдун даңазалуу доору өкүм сүрүп турганда ага ким гана шылкыйып барып, кабылдамасында кезек күтүп турбады. Азыр мен кыйынмын дегендердин баары ошол кабинетте башын жерге салып, сенден кийин мен деп олтурушканы чындык да. Бирок, кыйындарды Икрам өзүнүн эски коллегалары шоопурларча көрбөгөнү эми ачыкталды. «Легендарлуу шоопурдун» шоопур досу анын кабинетине кирип чыкканы тууралуу айтып бергени «Кыргызстан бүгүн» сайтына жарыяланды. Анда, Икрам шоопур кесиптешин кезек күтүп турган депутат, чиновниктерден жогору коюп, кезексиз кабыл алганы айтылат. Эски коллегасын куттуктап чыгайын деп барган шоопур кезекте турган айтылуу олигарх Шаршенбек Абдикеримовду көрүп, алардан мурун Икрамга киргенине ыңгайсызданып, «Сыртта Шаки кезек күтүп турат. Кийин убакыт болсо сүйлөшөбүз да…» деп айтса, Икрам «Шаки керек болсо күтөт. Кереги жок болсо кете берсин» дегеничи. Шаки десе көпчүлүк аны таасирдүү адамдардай ойлошот. Көрсө, Шакинин аброю шоопурчалык да жок тура.

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу