“ШООПУРДУКУ” ДЕЛГЕН ТЕЛЕКАНАЛ ЭЛДИК КУРУЛТАЙЧЫЛАРДЫ ШЫБАП БҮТӨ АЛБАЙ ЖАТАТ

“Өлкөнүн башкы шоопуру”, “көмүскөдөгү кадрлар бөлүмүнүн башчысы” лакап аттары менен белгилүү бүгүнкү олигарх, бир нече медиалардын көмүскө кожоюну Икрамжан Илмияновго таандык делген “On1” телеканалы 23-майда Бишкекте болуп өткөн Туруктуу Элдик Кеңеш Улуттук курултайын Акаев, Бакиев мезгилиндеги бийлик тарабынан уюштурулган курултайларга салыштыруу менен коомчулуктун башын айлантууга аракеттерди жасоодо.

Аталган телеканалдын 24-майдагы чыгарылышында эки журналисти бири-бирине суроо берген киши болуп, кайра өздөрү “Жогорку Кеңеш турса булардын кандай зарылчылыгы бар” дегендей мааниде анализдемиш этип, ага кошул-ташыл кылып КСДПчы депутат менен бир “дүжүр” саясий серепчини сүйлөтүшүп, алардын тили менен “курултайчылар” саясатка кийлигишпеши керек, булар өздөрүнүн абалын бекемдеп алууга аракет кылган күчтөр, акырдан жем жебей калган саясатчылардын бийликтин бир бутагына жетип алуу үчүн гана болгон аракеттери, ж.б.у.с терс пикирлерди айттырды.

Ал эми телеканал өзү Туруктуу Элдик Кеңештин жетекчиси Азимбек Бекназаровдун “Курултай институту эл өзү шайлаган президенти менен Жогорку Кеңешинен жыл сайын отчет алып, баа берип турушу керек. А бирок кантип жыл сайын отчет алабыз деген суроо туулат… Ишке ашабы деген маселе турат, ооба, ишке ашуусу кыйын…” деп айткан жерин кыркып алып, “Бекназаров өзү баса белгилеп кеткендей, бул идеянын ишке ашуусу кыйын, буга саясат талдоочулар да кошулат” деп кө-өп саясат талдоочу айтып жатышкандай Бекбосун Бөрүбашевди “сайратып” коюшкан.

Баракелде! Шоопурдун кийлигишпегени ушул эле калды эле. Болбосо, аталган иш-чарада Курултай институтун Конституцияга киргизүү, жаңы паспортто “улуту” графасын калтыруу жана өлкөдөгү социалдык кризис маселеси каралган болчу.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу