Шоноевдин өлүмүнө жогорку кызматтагы кишилер аралашканбы?

Полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө жогорку кызматтагы кишилердин катышы
бардыгын атасы Курманбек Шоноев айтып чыкты. Полковниктин атасы президент,
премьер-министр жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, баласынын
өлүмүнүн бетин ачып берүүнү өтүндү. Ал бул туурасында: «Менин уулумду ал иликтеп
жаткан кылмыштын бетин жабуу үчүн өлтүргөн. Ага криминал, укук коргоо органдары
жана мансаптуу жетекчиликтин дагы катышы бар. Ошондон улам, бул кылмыштын бети
төрт жылдан бери ачылбайт» – деп билдирди.
Эскерте кетсек, ИИМдин буйрутма адам өлтүрүүлөр жана кылмыштуу топторго каршы
күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Толкунбек Шоноевди Кара-Суу районундагы үйүнүн
алдында 2013-жылдын 11-январында атып кетишкен. Кийин бул кылмыш боюнча
Кадырбек Досонов кармалган. ИИМдин маалыматында, Кадырбек Досонов уюшулган
топтун мүчөсү. Ага адам өлтүрүү фактысынан сырткары курал-жаракты мыйзамсыз сатып
алуу, сактоо жана кылмыштуу топту түзүү айыбы дагы тагылган. Бирок ал Кара-Суу
райондук соту тарабынан акталды.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу