ШОК! Текебаев эми Атамбаевди абакка олтургузабы?

Абактагы Өмүрбек Текебаевдин ишинде башкы доогер болгон Леонид Маевский Россияда камакка алынды. Маалымат каражаттарынын жазышынча, Маевский кайсы бир жаранды коркутуп, опузалап 37,5 млн доллар талап кылган жеринен кармалган. Бул окуя Текебаевдин ишин кайра кароого жол ачаарын юристтер билдирип чыгышты.

Темир тордогу башкы “Ата — Мекенчи” эгер эркиндикке чыгып калса, түптүз эле Кой-Таштагы айтылуу “хансарайды” көздөй жол тартып, Алмазбек Атамбаевди “дуэлге” чакыраарын жакындары аркылуу экс-президентке кабарлаптыр. Муну кулагы чалган АШАнын “жегени желим, ичкени ирим” дейт. Өзү бир кезде “теке” деп келекелеген карт саясатчы “шаа мүйүзү” менен тигинин ичин жара сүзсө не болот? Даана кызык ошондо башталбайбы?! Натыйжада Текебаевдин ордуна Атамбаев барып жатып калбайбы?

Мындан улам, Атамбаев Текебаевге карата маалыматтык чабуулду күчөтүү тапшырмасын Фарид Ниязовго жүктөгөн экен. Жакынкы күндөрү Текебаевди каралаган жалган жалаалар, апрель окуясындагы мародерчулук сыяктуу “шоулор” интернет булактарына жайнап чыкса, алардын заказчигин “Форумдан” издей беребизби?

ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу