ШОК: Нурбек Токтакуновго кылмыш иши козголот

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Сооронбай Жээнбековду каралап, такталбаган мөөрү жок кагазды (документти) жарыя кылып, коомчулукту дүрбөткөндүгү үчүн, экс-президенттин жактоочусу болуп жүргөн укук коргоочу Нурбек Токтакуновго укук коргоо органдары тарбынан кылмыш иши жакынкы күндөрү козголушу мүмкүн экен.

Эске сала кетсек, укук коргоочу Нурбек Токтакунов анонимдүү катты коомчулукка жарыя кылып: «Аны текшерүү деле оңой эле. Ал жактагы адамдардын тизмесин, географиялык аталыштарды, коротулган максатын карап чыкса деле бул маалымат чындыкка жакын экени аныкталат. Бул эмнени билдирет? Ал шайлоо штабында көрсөтүлгөн каражаттан башка каражат пайдаланылганын далили. Бул болсо президенттик шайлоону уурдап алышканын түшүндүрөт» деп чыккан Токтакуонв.

Коомчулукка жарыяланып, чуу жаратып жаткан документтин эч кандай юридикалык баалуулугу жок. Эгер чын экенин тастыкталса биринчи кезекте Фарид Ниязов соттолуш керек, штаб жетекчиси катары.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу