Шведцияда депортацияланышы керек болгон 137 өзбекстандык жашырынып жүрөт

11-апрелде Стокгольм соту жүк унаасы менен элди тебелетип кеткен Өзбекстандын 39 жаштагы жараны Рахмат Акиловду бир айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал ортодо Швеция бийлиги өлкө аймагында депортацияланышы керек болгон 137 өзбекстандык бар экенин билдирди.

Соттун чечимине ылайык, Акилов соттук-психиатриалык экспертизадан да өткөрүлүшү керек. Айыпталуучунун адвокаты Йохан Эриксон соттун чечиминен кийин «Рахмат Акилов террористтик кылмыш жасагандыгын моюнуна алгандыгын, ошондуктан камакта каларын» билдирди.

7-апрелде Акиловдун башкаруусундагы жүк унаа Стокгольм борборунда адамдардын тобун сүзүп кеткен. Жыйынтыгында 4 киши, анын ичинде 11 жаштагы кыз да каза болгон. Дагы 15 киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Кол салуудан бир канча саат өткөндөн соң полиция Рахмат Акиловду кармаган.

Стокгольмдогу кол салуу теракт деп аталып, өлкөнүн Соллентуне, Варберге, Сольне жана Кунгсхольмене шаарларында рейддер жүргүзүлгөн. Анда швед полициясы Стокгольмдогу кол салууга тиешеси бар деген шек менен 7 кишини кармаган.

Швециянын мурдагы премьер-министри Карл Бильдт билдиргендей, өлкө аймагында Өзбекстанга экстрадицияланышы керек болгон 137 киши бар. Айтымында, алардын бардыгы тең полициядан жашырынып жүрүшөт.
Булак:  Аргумент.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу