Шахмат боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону Ш.Момуналиева дүйнөлүк олимпиадага даярданууда

Нарын шаарынын 22 жаштагы тургуну Шаадат Момуналиева 10 жашынан бери шахмат менен машыгып, ар кандай деңгээлдеги чемпионаттарга катышып, ийгиликтерге жетишип келет. Ал – шахмат боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону.

Шаадат үстүбүздөгү жылы Азербайжандын Баку шаарында өткөн универсиадада командалык эсепте ойноп, 4-орунга жетишкен. Шахматчы 22 жыл ичинде 10 коло, 9 күмүш, 9 алтын медалга ээ болду. Ал Сентябрь айында Грузиянын Батуми шаарында өтүүчү бүткүл дүйнөлүк шахмат боюнча олимпиадага катышууга жолдомо алды. Эми дүйнөлүк олимпиадада Кыргызстандын намысын коргойт.

Нарын облустук шахмат федерациясынын облустагы кординатору, машыктыруучу Тилек Такырбашов: «Учурда Кыргызстандын атынан олимпиадага катышууга даярданып жатат», — деди.

Булак: Турмуш

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу