Шахзода жакында Кыргызстанга келет

Орто Азиянын белгилүү ырчысы, киноактриса Шахзода жакында Кыргызстанга келип концерт коёт. Бул туурасында  интернет баракчаларына ырчынын Ош жана Жалал-Абад облустарында анын күйөрмандары менен жакында жолугушаары тууралуу видео кайрылуусу чыкты.

Өзбек ырчыларынан Шахзода Кыргызстанга байма-бай келип өз өнөрүн калың журтка тартуулап келет. Эске салсак, 2017-жылы Бишкек шаарына келип, Спорт Ордосунда «Аромат» деген аталыштагы концертин коюп кеткен. Билет баасы 3500 сомго чейин чыккан. Ал эми, 2010-жылы келгенинде элдер залга батпай, көп болуп, бирок ырчы 1 сааттай эле ырдап койгонун айтышып, Шахзоданын концертине тойбой калгандарын билдиргендер болгон эле.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу